Мазмунга өтүү

Улуттук киреше

Википедия — ачык энциклопедия

Улуттук киреше - өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн жалпылоочу көрсөткүч. Бул натуралай жана нарк түрүндө көрсөтүлөт.

Натуралай формасы калктын жеке керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн керектөө предметтерин жана кайра өндүрүүнү кеңейтүүнү камсыз кылуучу өндүрүш каражаттарын камтыйт. Анын белгилүү бөлүгү керектөө предметтеринин резервдерин жана өндүрүш каражаттарын толуктоо үчүн арналат. Жаңы түзүлгөн нарк катары эки бөлүктөн: кызматкерге эмгеги боюнча төлөм түрүндө келип түшүүчү жана коомдук керектөө фондуларынан төлөнүүчү, жеңилдик берилүүчү зарыл продуктудан, өндүрүштү кеңейтүү, өндүрүштүк эмес чөйрөнү кармап туруу үчүн пайдаланылуучу кошумча нарктан турат.

Практикада көлөмү боюнча материалдык өндүрүштүн бардык тармактарында түзүлгөн таза продуктунун өлчөмүнө барабар өндүрүлгөн улуттук кирешеге жана пайдаланылуучу улуттук кирешеге (керектөө жана топтоо фондуларынын суммасы) ажырайт. Базар экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө улуттук кирешени эсептөөнүн кээ бир өзгөчөлүктөрү дагы кездешет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9