Улуттук парк

Википедия дан

Улуттук парк - жаратылышы бузулууга азыраак дуушарланган, уникалдуу табигый ж. б. объектилери бар, өзгөчө корукка алынган аймак же акватория.

Анда табиятты коргоо жана аны колдонуу көзөмөлгө катуу алынып, рекреациялык максатта (негизинен кыска мөөнөткө эс алуу жана таанып билүү туризми) пайдалануу иштери бирдей жүргүзүлөт. Улуттук паркта корукка алынган жерлер менен кошо жергиликтүү муктаждыктарды канааттандыруу үчүн уюшулган айыл чарба зоналары да болгондуктан анда айкалыштырган коргоо режими түзүлөт. Дүйнөдөгү эң алгачкы уюшулган (1872) улуттук парк: Иеллоустон (АКШда), Кыргызстанда - Аларча улуттук жаратылыш паркы (1976-ж. уюшулган). Ошондой эле к. Жаратылыш паркы макаласын.