Улуу-Тоо пикрит кени
Көрүнүш
Улуу-Тоо пикрит кени Ош облусунун Ноокат районунда, Улуу-Тоо кыштагынан 5 км чыгыш тарапта, Тогузбулак дөңсөөсүнүн жанында. 1982-ж. табылган. Кен аймагын девондун жанартоо тектери жана антропоген чөкмөлөрү түзөт. Кооз ташпикрит тоотеги силл түрүндө жатат. Калыңдыгы 100–150 м, узундугу 3 км. Пикриттин өңү каралжын боз. Майда бүртүкчөлүү, тыгыз массивдүү. Оңой сайкалданат. Жылмалап сайкалдангандан кийин кара баркыт сымал жалтырап турат. Имарат дубалдарын кооздоп каптоого жана кооз буюмдарды жасоого жарактуу. Болжол запасы 1 млн м3ден ашат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7