Улуу-Туз туз кени
Көрүнүш
Улуу-Туз туз кени Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Кош-Дөбө кыштагынан 6 км түндүк-батышта, Улуу-Туз суусунун өрөөнүндө, деңиз дең. 2050 м бийиктикте. Неогендин туздуу катмарында таш тузунун 5 кабаты ачылган, алардын ичинен төртөө глаубериттен, бирөө галиттен турат. Глауберит кабатынын калыңдыгы 0,5–5,5 м, галиттики – 2,4–5,7 м. Галиттин курамында жашоого керектүү микроэлементтер: бром, йод, бор бар. Туздар чакан өнөр жай үчүн кызыкчылык туудурушу мүмкүн. Болжол ресурсу 10 м тереңдикке чейин 49 миң т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7