Улуу мамлекеттер
Улуу мамлекеттер – өзүнүн аскердик-саясий мүмкүнчүлүктөрүнө жараша эларалык жана эларалык- укуктук мамилелер тутумуна чечүүчү таасир берүүчү мамлекеттер. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү: РФ (1991-жылдын 21-декабрына чейин – СССР), АКШ, Улуу Британия, Франция жана Кытай шарттуу түрдө У. м. болуп эсептелет. У. м-дин заманбап статусу мамлекеттердин эгемендүү теңчилдик принцибине карама-каршы келбейт, алардын эларалык турмуштагы анык саясий-укуктук маанисин чагылдырып турат. БУУнун Уставында бекитилген У. м-дин өзгөчө абалы алардын тынчтыкты жана жалпы коопсуздукту сактоодогу башкы жоопкерчиликтерин баса белгилеп турат. Ушул жооп-керчиликтерине байланыштуу У. м-дин бул өлкөлөрдүн БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги бир добуштуулук принцибинде бышыкталган өзгөчө укуктары бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7