Мазмунга өтүү

Ультрамуздак нейтрондор

Википедия — ачык энциклопедия

Ультрамуздак нейтрондор – ылдамдыгы ≤5м/сек болгон жай нейтрондор.

Ультрамуздак нейтрондор термини 10-2Кден төмөнкү температурада газдын молекулалары болжол менен ушундай эле ылдамдыкта кыймылдашы менен түшүндүрүлөт. У. н. ядролордогу начар түртүшүүнү жеңүүгө жетишсиз кинетикалык энергияга ээ (~10-7Эв) жана көптөгөн материалдардын бетинен толук чагылат.

Ультрамуздак нейтрондордун дубалдардан толук чагылуусу аларды бир нече мүнөт туюк вакуумдалган камеранын ичинде сактоого мүмкүндүк берет. Ультрамуздак нейтрондордун кыймылына магнит жана гравитациялык талаалар күчтүү таасир этишет. Ультрамуздак нейтрондор мүмкүн болгон электр заряддарын же электрдик диполь моменттерин табуу үчүн сезгич аспап катары кызмат кыла алышат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]