Мазмунга өтүү

Ультраүндөгү жарык дифракциясы

Википедия — ачык энциклопедия

Ультраүндөгү жарык дифракциясы – Жарык ультраүндүк толкун бар чөйрөдө таралганда дифракцияланат. Биринчилерден болуп У. ж. д. 1932-ж. П.Дебай жана Ф.Сирс (США), ошол эле учурда П.Люк жана П.Бикар (Франция) тарабынан байкалган.

Үн толкунундагы серпилгичтүү деформациялар чөйрөнүн сынуу көрсөткүчүнүн мезгилдүү өзгөрүүсүнө алып келет, анын натыйжасында чөйрөдө мезгили үн толкунунун λ узундугуна барабар болгон дифракциялык торчого окшогон түзүлүш пайда болот. Эгерде мындай чөйрөдө жарык нуру таралса, анда ага кошумча, жарыктын дифракциялык нурлары пайда болот. Анын мүнөздөмөлөрү − мейкиндикте таралуусу, поляризациясы жана интенсивдүүлүгү−үндүн, талаанын параметрлерине жана о. эле жарык үндүк толкунга түшкөн θ бурчуна көзкаранды болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]