Мазмунга өтүү

Ульянов Михаил Александрович

Википедия — ачык энциклопедия

Ульянов Михаил Александрович (20. 11. 1927, Омск обл., Муромцев району, Бергамак айылы - 26. 3. 2007, Москва) - орус совет актёру, СССР эл артисти (1969), Полыыа эл артисти (1974).

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1986). У. 1950-ж. Б. Щукин атындагы театр окуу жайын (Москва) бүтүргөн. Ал аткарган ролдор темпераменттүүлүгү, образдарды ача билгендиги менен айырмаланат. Алар: Сергей (А. Арбузов, «Иркут окуясы»), Рогожин (Ф. Достоевский, «Кейбир»), Антоний(У. Шекспир, «Антоний жана Клеопатра»), Иван Горлов (А. Корнейчук, «Майдан») ж. б. 1956-жылдан киного тартылган Трубников («Председатель», 1965), Дмитрий Карамазов («Бир тууган Карамазовдор», 1969), Жуков («Боштондук», 1971). Маршал Жуков анын негизги ролдорунан болгон: «Блокада», 1973-77; «Максатты көздөө», 1974; «Эркиндиктин жоокерлери», 1977; «Багынбас душман», 1982; «Дивизия командиринин бир күнү», 1983; «Жеңиш», 1984; «Москваүчүн салгылашуу», 1985; «Закон», 1989; «Сталинград», 1990; «Батыш тараптагы согуш», 1990, «Кылым трагедиясы», 1993; «Улуу полководец Георгий Жуков», 1995; «Доор жылдызы», 2005 ж. б. У-дун кийинки учурда аткарган белгилүү ролдору: Максим Кузьмич Варравин («Дело», 1991), Чон ата («Баары жакшы болот», 1995), Алексей Степанович Говоров, жазуучу («Жалганчылар», 1998-2002), Иван Фёдорович Афонин, Катянын чон атасы («Ворошиловдук көзгө атар », 1999), Сергейдин атасы («Түндүк жаркырагы», 2001), Иван Алексеевич Сенчуков («Бугуга аңчылык», 2005) ж. б. Лениндик сыйл. (1966), РСФСР мамлекеттик сыйл. (1975), СССР мамлекеттик сыйл. (1983) лауреаты. Эки Ленин, Октябрь революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4