Мазмунга өтүү

Умтулуу кыймылы

Википедия — ачык энциклопедия

Умтулуу кыймылы – катуу нерсенин каалагандай эки чекитин бириктирген түз сызык өзүнүн баштапкы багытына параллель калгандай которулуш жасаган катуу нерсенин кыймылы.

Умтулуу кыймылында нерсенин бардык чекиттери бирдей траекторияларды чийишет жана убакыттын ар бир моментинде сандык чоңдугу жана багыты боюнча бирдей ылдамдыкка жана ылдамданууга ээ. Ошондуктан нерсенин алга У. к-н изилдөө чекиттин кинематикасы маселесине алынып келинет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]