Упайлуу облигация (көрсөтүүчүгө)
Көрүнүш
Упайлуу облигация (көрсөтүүчүгө) – жүгүртүлө турган мамлекеттик баалуу кагаз болуп саналат. КР Каржы министрлиги КР Өкмөтүнүн атынан К. о-нын эмитенти катары чыгат. У. о. 2, 3 жылдык мөөнөттөгү жүгүртүүгө жана ар 6 же 12 ай сайын пайызын (упайын) төлөө менен, 5 жылдык мөөнөткө чыгарылат. У. о-нын кезектеги чыгарылышын жайгаштырууда пайыздарды (упайларды) төлөөнүн мезгилдүүлүгү КР Каржы министрлиги тарабынан аныкталат. К. о-нын негизги суммасы жүгүртүү мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча жоюлат. К. о-нын ээси жеке жана юридикалык жактар боло алат. Бир К. о-нын баасы 100 сомду түзөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7