Урал тоолору

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Урал тоолору.
Урал тоолору.

Урал, Орол - Европа менен Азиянын чек арасындагы тоо системасы. Кара (Карск) деңизинен Орск шаарына чейин меридиан багытында созулуп жатат.

Чыгыш Европа түздүгүн Батыш Сибирь түздүгүнөн бөлүп турат. РФ менен Казакстандын аймагында. Узундугу 2000 км. ашык, туурасы 40-150 км. Негизги суу бөлгүч кырка тоо - Урал тоо системасынан жана кенен ойдуңдар менен бөлүнгөн каптал кырка тоолор - Урал алды, Урал өндүрү, Чыгыш Уралдан (Зауралье) турат. Рельефине ж. б. өзгөчөлүктөрүнө жараша Уюлдук Урал, Уюлга жакын Урал, Түндүк Урал, Ортонку Урал жана Түштүк Урал болуп бөлүнөт. Эң бийик жери - Народный чокусу (бийиктиги 1895 м). Урал - Урал-Моңгол геосинклиналдык кырчоосунун герцин бүктөлүүсүндө пайда болгон эпиплатформалык тоолор. Рельефи кийинки тектон. көтөрүлүүнүн, талкалануунун жана денудациялык продесстердин таасиринен калыптанган. Негизинен орто бийик тоо рельефи басымдуулук кылган жалпак кырдуу кырка тоону (бийиктиги 1000-1200 м) элестетет. Батышында Чыгыш Европа түздүгүн карай жапыздаган тоо этегиндеги четки ойдуңга өтөт. Чыгыш тарабы тик. Урал өндүрүндө жана батышында карст процесси өөрчүгөн; үңкүрлөр көп (Дивья, Кунгур, Кап, Сумган ж. б.). Бийик тоолору жана чокулары талкалануу процессине чыдамдуу тоо тектерден (кварц, габбро ж. б.), тоо аралык өрөөндөрү аки таш ж. б. чөкмөлөрдөн турат. Кен байлыктары: жез, темир, хром, никель кенташтары, көмүр, нефть, газ, калай тузу, асбест. Урал кооз асыл таштары менен дүйнөгө даңкталат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы батыш капталдарында -20°Сден (Уюлдук Уралда) - 15°Сге чейин (Түштүк Уралда); чыгыш капталдарында абанын температурасы 1-2°Сге төмөн. Июлда ошол эле кеңдиктерде 9°Сден 20°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны Уюлдук жана Түндүк Уралда 1000 мм, Түштүк У-дын чыгыш капталдарында 300 ммге чейин. Уюлдук жана Уюлга жакын У. мөңгүлүү (жалпы аянты 25 км2). Дарыялары Түндүк Муз океандын (Печора Уса менен, Исеть, Тобол ж. б.) жана Каспий денизинин алаптарына (Кама, Чусовой жана Акидил менен Урал) кирет. Чыгыш капталдарында көлдөр (Таватуй, Аргази, Увильды, Тургояк ж. б.) көп; эң тереңи Чоң Жаян көлү (136 м). Климаттын түндүктөн түштүккө карай өзгөрүшүнө жана рельефинин мүнөзүнө байланыштуу Уралдын ландшафты кең дик жана бийиктик алкактуулук боюнча алмашат. Негизинен токой басымдуу (түндүгүндө 300 м, түштүгүндө 1200 м бийиктикке чейин); батышын карагай жана көк карагайдан турган күңүрт ийне жалбырактуу тоо-тайгасы, чыгышын мырза карагай, кызыл карагай жана кайыңдуу ачык ийне жалбырактуу токой ээлейт. Түштүк Уралга токойлуу талаа жана талаа ландшафты, тоо кырына эңилчектүү тундра; корум таштар мүнөздүү. Уралдын аймагында Печора-Илыч, Висим, Ильмен, Башкырт коруктары уюштурулган. Урал деп 18к-дан атала баштаган. Бул аталыш түрк тилдеринен «арал» (Аралтау) же «уралмак» - курчоо деген маанини берет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4