Уран слюдалары

Википедия дан

Уран слюдалары - фосфаттар, арсенаттар, ванадаттар классындагы уран минералдарынын тобу.

Урандын комплекстүү кенташынын курамына кирип, көпчүлүк учурда чогуу кездешет. Кристаллы жука кабырчыктуу, слюда сымал. өңү сары, жашыл. Айнектей же седептей жылтырайт. Катуулугу 2-3, тыгыздыгы 30206890 кг/м3. Радиоактивдүү. К-тада оңой эрийт. Минералдары; фосфаттардан отенит, торбернит ж. б., арсенаттардан ураноспинит, карнотит ж. б., ванадаттардан төөмоюнит, цейнерит ж. б. Экзоген процеестеринен пайда болуп, уран кендеринин кычкылдануу зонасында көп таралган. Эң көп топтолгону - урандын, радийдин, чанда ванадийдин кенташы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4