Уран (химиялык элемент)

Wikipedia дан
Уран.

Уран (химиялык элемент) - (лат. Uranium, U) - элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобундагы радио активдүү элемент.

Актиноиддерге кирет. К. н. 92, ат. м. 238,029. Урандын м. сандары 228U - 241U болгон 14 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу - 237U. Жер кыртышынын (массасы боюнча) 3-10 4 % ин тузөт. 1789-ж. немис химиги Мартин Генрих Клапрот ачкан, металл түрүндөгү 1841-ж. фр. химиги Эжен Пелиго У. 11С14тү калий менен калыбына келтирүүдөн алган: UC1.+ 4К = U + 4KC1 4 Табиятта Уран отенит, титаниттер, танталониобат ж. б. минералдардын курамында болот. Ак түстөгү, оор металл; б. эрүү t 1572°С; кайноо t 4487°С; бирикмелеринде +3, +4, +5 жана +6 (кээде +2) окистенүү даражаларьш көрсөтөт. Уран кычкылтек менен U02, U03, U203 оксиддерди, галогендер менен галогениддерди, азот менен 450-700°Сде U4N7 нитридди, көмүртек менен карбидди, металлдар менен ар түрдүү куймаларды пайда кылат. Уран туз, азот к-таларында жакшы эрийт, ал эми щелочтор менен реакцияга кирбейт. Урандын (III) валенттүү бирикмелери күчтүү калыбына келтиргич заттар. Уран жана анын бирикмелери АЭСте ядро реактор отуну катары, ошондой эле металлургияда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4