Урбанисттик поэзия
Көрүнүш
Урбанисттик поэзия(лат. – шаардык) – ири шаарлардын кыйма-чийме турмушун, алардагы техниканын, өнөр жайдын, курулуштун башаламан өсүп-өнүгүшүн, шаардык калктын ошол өздөрү жашаган калаа менен байланышын, кыскасы, шаар турмушунун карама-каршылыктарын сүрөттөгөн ырлар.
О. Султановдун Париж жөнүндөгү, Ж. Мамытовдун Ташкент тууралуу ыр түрмөктөрү, С. Тургунбаевдин, А. Жакшылыковдун, Э. Эрматовдун жыйнактарындагы бир топ ырлар урбанисттик поэзиянын талабына ылайык жазылган
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3