Урмай топ

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда топтор колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга жетекчи шайланат, диаметри 3 м. тегерек сызылат. Тегеректин ортосуна, түз сызык сызылат, ал сызыкка оюнчулар өздөрүнө бирден топ бактыдай кылып чуңкур казышат. Андан кийин оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар өздөрү казган чуңкурлардын жанында турушат, Оюн жетекчисинин буйругу боюнча, оюнчулардын бирөөсү, тегеректен 1 метрдей аралыкта туруп, топту чуңкурларды көздөй тоголотот. Эгерде тоголотулган топ чуңкурлардын бирөөсүнө түшүп, кайра чыкпай токтоп калса, оюнчулар ар тарапка качышат, Топ түшкөн чуңкурдун ээси, топту чуңкурдан алып, качып бараткан оюнчулардын бирөөнү уруп калганы аракеттенет. Эгерде, ыргытылган топ качып бараткан оюнчулардын бирөөнө тийсе, топ тийген оюнчунун чуңкуруңа бир чакан таш салынат. Андан кийин топту оюнчулар кезеги менен тоголотушат. Оюн катышуучулардын бирөөнүн чуңкурунда, оюнчулардын санын чалык чакан, таштар чогулгуча ойнолот. Утулган оюнчу, ырдап же бийлеп бергенден кийин оюнду кайрадан баштаса болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, топту чуңкурдан сырткары кармоого, тийүүгө болбойт.

Методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, ыңгайлуу болушу керек. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды жааттарга бөлүп өткөрсө болот. Эгерде тоголотулган топ, чуңкурлардын бирөөңө түшүп, токтобой тегеректен тоголонуп чыгып кетсе, топту кайрадан тоголотуу керек. Эгерде экинчи жолу тоголотулган топ кайрадан чуңкурлардын бирөөнө түшпөсө, чакан таш, топ тоголоткон оюнчунун чуңкуруна салынгандан кийин, оюндун кезеги, кийинки оюнчуга өтөт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ылдамдык, күч, шамдагайлыкка тарбияланат, кыймылдарды бат жана аткарууга, көңүл коюуга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]