Мазмунга өтүү

Урмамбетов Орузбай

Википедия — ачык энциклопедия

Урмамбетов Орузбай (1927-ж. т., Ысыккөл р-ну). Азыркы Каракол шаарындагы пединституттун Тил ж-а адабият факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

1959–64-ж. Кырг. айыл чарба ин-тунда окуган. Өзүнүн эскерүүсүндө ал сегиз жашында атасынын иниси Ындыбайдан “Семетейден” көп үзүндүлөрдү үйрөнүп айта баштайт. У. “Жоодарбешимди” жердештери таштактык Намазбек м-н Карал-Дөбөлүк Алсатардан “Сейтекти”, “Семетейди” агасы Ындыбайдан уккан.

У. 1959-жылдан КРУИАсындагы Кол жазмалар фондунда “Жоодарбешим”, “Курманбек”, “Жаныш, Байыш”, “Сейтек”, “Эр Табылды”, “Кыз Сайкал” эпосторунун өз вариантын, элдик эпостор көркөм формасына жакындаштырып жазган “Гүлгаакы” поэмасын, о. эле “Эр Болот”, “Бостон”, “Муңдук менен Зарлык” сыяктуу эл оозунда айтылып келген жөө жомок, уламыш түрүндөгү чыгармаларды тапшырган. Бул чыгармалардын ичинен “Сейитбек”, “Гүлгаакы” өзүнчө китеп болуп жарыяланган.

Ал чыгармалар кыргыз фольклористикасы үчүн да, жалпы эле элдик поэзияны кадырлоочу окурмандар үчүн да өз алдынча табылга болгон. Анткени, алардын айрым варианттары мурда эл ичинде айтылып келсе да, кеңири массага анча белгисиз болуп келген. Акын ар бир дастанды, эпосту жаратаарда аларга өзүнчө жол таап, чыгарманын негизги өзөгүнө доо кетирбей, ошону м-н эле бирге өздүк чеберчилигин да максималдуу пайдалана билет. Алсак, “Сейитбек”, “Жоодарбешимден” жанрдык жагынан айырмаланып, кийинки доордун туундусу – тарыхый баатырдык поэма. Ушуга ылайык андагы сюжет реалдуу турмушка байланышкан окуяларга негизделип түзүлгөн. Каармандын келбети, иш аракеттери, курал-жарагы гиперболизацияланбай, көбүнчө реалдуу сүрөттөлөт. Анда мифтик-фантастикалык элементтер дээрлик жокко эсе.

У. чыг-лыгынын башкы башатын элдик оозеки чыгармадан алса да, дастандарды кайра жаратууда профессионал жазуучулардай өз-өзүнчөлүккө ыктап, өз алдынча вариант жаратууга умтулат. Демек, ал элдик мурасты сактап, салт б-ча айтуучу-аткаруучу гана эмес, ага өзүнүн алымча-кошумчаларын киргизүү м-н толуктап өнүктүргөн жаңы багыттагы жаратуучу.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3