Мазмунга өтүү

Урманбетов Салмоорбек

Википедия — ачык энциклопедия

Урманбетов Салмоорбек (14. 7. 1950, азыркы Чүй обл., Сокулук району, Кызыл-Туу айылы - 2. 7. 2010, Кытай, сөөгү Караганда шаарына коюлган) - цирк артисти, Кыргызстанда алгачкы айбанат үйрөтүүчү.

Кыргыз ССРинин эмгеги сиңирген артисти (1979), Кыргыз ССРинин эл артисти (1990). 196667-ж. Түркмөнстандагы «Жигитовка» студиясында окуган. Андан кийин Кыргыз циркинин жалпы программасына «Кыргызстандын шумкарлары» деген оюн менен катышкан. 1972-жылдан аюу, топоз, төө, кой, эчки, ит жана ат үйрөтүп, биринчи аренага алып чыккан. Болгария, Румыния, Кытай ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1982). Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4