Уруу (этнография)

Википедия дан

Уруу (этнография) - алгачкы жамааттык түзүлүш доорунда бир никеден (к. Эндогамия.) тараган адамдардын тобу; кыргызда бир атадан тараган, жети атасынан бери бөлүнбөй келе жаткан майда уруктардын биримдиги.

Уруу жана анын формасы ар кайсы тарыхый доорлордо ар түрдүүчө болгон. У-нун курамында 150200дөн 1000-1500 кишиге чейин жеткен. Австралиялыктардын, семангилердин, Конго бассейниндеги пигмейлердин, бушмендердин, эскимостордун бир бөлүгүнүн уруулары да ушундай топтордон турат. Бул элдерде уруунун көлөмү калкынын санынын катарын калыбына келтирип туруу зарылчылыгы менен аныкталган. Эндогамиянын жогорку даражада (70-80%) болушу аларды популяцияга жакындаткан. Эндогамиялык топтун уруулаштарынын айрым мүчөлөрүнө өз ара никелешүүгө тыюу салынган, мунун өзү алгачкы коомго мүнөздүү төрөлүү менен өлүмдүн жогору болушунан аман калуунун айласы менен шартталат. Уруунун ээлеген аймагы, климаты жагымдуу шартта 200-300 чарчы тсжден чоң арктикалык райондордун экстремалдык шартында 40 чарчы кмге чейин жеткен. Борборлошкон бийликтин эч кандай формасы болбогон мындай Урууларда жамааттын биримдиги жамаат аралык нике менен гана эмес, аларды коштогон социалдык жана чарбалык кризис учурларында өз ара жардамдашуу милдети аркылуу да кармалып турган. У-да жамааттын социалдык оор абалын жеңилдетүү үчүн, анын айрым мүчөлөрү мезгил-мезгили менен башка жамааттарга кетүүгө тийиш болушкан. Ошентип уруу ичинде бир тилдин же диалектинин жана бир маданияттын калыптанышына негиз түзүлгөн. Геогр. жактан алганда олуттуу тоскоолдуктар болбогондуктан, уруулардын аймактык жана социалдык чектери бекем болгон эмес. Алар башкалардын тилин, маданиятын салыштырмалуу жеңил эле кабыл алышып, көпчүлүк учурда уруунун энчилүү аты болгон эмес. Кишилер жаңы жерге келгенде өз уруусунун энчилүү аталышын оңой эле өзгөртө беришкен же ошол эле учурда кошуна элдердин атын кабыл алган. Бир кыйла өнүккөн коомдор менен тыгыз байланышта болгон учурда гана аңчылар менен жыйноочуларда бир кыйла тагыраак уруулук чек, чарбанын айрым адистешүүсү аркылуу байланышкан бөтөнчө маданий комплекс, ошондой эле так уруулук өзүн-өзү аңдоо сезими пайда болгон. Бирок мындай учурда алар өз эне тилин жоготуп, кошуналарынын тилин кабыл алышкан. Мындай процесс пигмейлер, бушмендер, сандавелер, хадзалар, семангилер жана аэталардын айрым топторунда байкалган. Алгачкы мезгилдерде отурукташууга өткөндөн кийин натыйжалуу чарба жүргүзүүнүн негизинде айрым общиналардын обочолонуусу күчөйт. Алар 200-300дөн 10002000 кишиге жеткен. Интеграциялык карым катнаш жамаат арасындагы никелешүү менен эмес, бутактанган социалдык тармагы, жаш курагы боюнча эркектер үйү, өнөктөштүк, лидерлер системасы бар уруктук уюмдун пайда болушу менен аныкталат. Мунун өзү уруктук жамаат мезгилинде бир кыйла ири уруулук уюмдун калыптанышына алып келген. Кийин дыйкан жана малчы уруулары бир нече миңге, ал эми алардын бирикмелери 10-15 миң кишиге жеткен. Бул мезгилде айрым жерлерде этностордун Уруу же Уруу бирикмелери бузула баштаган. Таптык ажырым пайда болоор алдындагы коомдордо Уруу маанилүү социалдык-чарбалык бирикмеге айланган жана башкаруунун борборлошкон системасы Уруулук интеграциянын башкы фактору болуп калат. Айрым учурларда У-лар иерархиялык «жол башчылыктын» компоненттеринин бири катары киришкен. Тескерисинче, кээ бир жерлерде (Түндүк Америка) бир кыйла демократиялык борборлошкон структуралар - уруулар союздары түзүлгөн. Бул мезгилде консолидациялашкан уруу топтор (үй-бүлөлөрү) - уруу бирикмелери же элдик этностор калыптанган. Айрым уруулар болсо өз этнографиялык өзгөчөлүгүн таптык коомдо да сактап калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4