Усенов Абдымомун Усенович
| Илимий чөйрөсү: |
{{{Илимий чөйрөсү}}} |
|---|
Усенов Абдумомун (1-декабрь 1952-жыл) — кыргыз окумуштуусу, техника илимдеринин кандидаты, доцент. Жогорку математика тармагында адис, жогорку окуу жайында көп жылдык тажрыйбасы бар окутуучу.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Абдумомун Усенов 1952-жылдын 1-декабрында туулган. Улуту — кыргыз. Үй-бүлөлүү.
1970–1975-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетинде окуп, математик адистигине ээ болгон.
1982-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Москва шаарындагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунда жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу факультетинде билим алган.
1985–1988-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун аспирантурасында 01.02.04 «Бузулуучу катуу заттардын механикасы» адистиги боюнча окуган. 1992-жылы техника илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын коргогон (диплом ИК №000016, 01.07.1993).
1996-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку аттестациялоо комиссиясынын чечими менен «Жогорку математика» кафедрасынын доценти илимий наамы ыйгарылган (ДЦ №00294).
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1975–1978-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Автоматика институтунда инженер жана улук инженер болуп иштеген.
1978-жылдан бери Политехникалык институтта (азыркы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети) иштеп келет. Бул жерде окутуучу, улук окутуучу жана доцент кызматтарын аркалаган.
Төмөнкү дисциплиналар боюнча лекция окуйт:
- Сызыктуу алгебра жана аналитикалык геометрия
- Математикалык талдоо
- Жогорку математика
Илимий ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Абдумомун Усенов көптөгөн республикалык жана эл аралык конференцияларга катышкан:
- 1987 — Кыргызстан математиктеринин жана механиктеринин конференциясы (Фрунзе)
- 1991 — «Проблемы разработки полезных ископаемых в условиях высокогорья» (Бишкек)
- 1994 — «Проблемы механики и технологии» (Бишкек)
- 1998 — «Традиция и новации в культуре университетского образования» (Бишкек)
- 1999 — «Технология и перспективы современного образования, науки и производства» (Бишкек)
- 1999 — «Кадры XXI века» (Бишкек)
- 2000 — «Современное состояние и перспективы развития строительной науки» (Бишкек)
- 2000 — «Проблемы строительства архитектуры на пороге XXI века»
- 2001 — «Современные технологии и управление качеством в образовании, науке и производстве» (Бишкек)
- 2004 — «Образование через науку» (Бишкек)
- 2006 — «Инновации в образовании, науке и технике» (Бишкек)
- 2007 — «КП-548» долбоору боюнча илимий семинар (Бишкек)
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы
- Кыргызстан кесиптик уюмдар федерациясынын Ардак грамотасы
- Кыргыз техникалык университетинин Ардак грамотасы