Амирбек Усманов

Википедия дан
Усманов, Амирбек‎»‎ барагынан багытталды)

Амирбек Азам уулу Усманов - Кыргызстандын таанымал журналисти жана публицисти. Ал котормочулук менен да алектенет.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1956-жылы 25-мартта Ош облусунун Фрунзе районундагы (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы) Чаувай айлында туулган.

1973-жылы Бишкектеги спорттук жатак мектепти бүткөн соң бир жыл Айдаркендин жанындагы Ормуш айлындагы орто мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеген.

1974-1976-жылдары Баку жана Тбилиси шаарларында Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1978-1983-жылдары Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербургдагы) Вознесенский атындагы каржы (финансы) жана экономика институтунда окуган.

1983-1989-жылдары Кыргызстан Мамлекеттик статистика комитетинде иштеди.

1989-жылдан 1994-жылдын ортосуна чейин Кыргыз Телерадио компаниясында (КТР, азыркы Кыргыз улуттук телерадио корпорациясы - УТРК) иштеди, аталган компанияда 1993-1994-жылдары вице-президент кызматын аркалады.

1994-жылы көз каранды эмес “Дасмия” мааалымат каражаттар тармагын уюштурууга катышып, “Дасмия” үналгысынын деректири да болуп иштеди.

1995-жылдын 1-майынан тартып Германиянын Мүнхен шаарындагы “Азаттык үналгысынын” башкеңсесинде кызматкер болуп иштей баштады.

1995-жылы 30-майда бул компания Мүнхенден Чехиянын ордосу Прагага көчүрүлүп, ошондон тартып ал азыркыга чейин Прага шаарында жашап жана ушул радиодо кызматкер болуп иштеп келет.

Бир катар жылдар “Азаттык үналгысынын” деректиринин орун басары милдетин да аркалады.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү. Жубайы - Зинагүл Усманова.

Уулдары - Сейитбек Усманов, Муктар Усманов.

Кызы - Саадат Жаанбаева (кыз кезиндеги фамилиясы - Усманова).

Неберелери бар.

Учурда (2013-жылы) тун уулу Сейитбек Усманов АКШда магистрлик билим алууда.

Чыгармачылыгы. Котормочулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орто кылымдардагы фарсы тилдүү калктардын маданий бермети болгон айтылуу “Кабуснаме” чыгармасын орус тилинен кыргызчага которуп, бул котормо китеп 2009-жылы Бишкекте жарыкка чыкты.

2013-жылы чех тарыхчысы Петр Кокайсл менен бирдикте "Кыргызстан тарыхы күбөлөрдүн көзү менен" аттуу китепти чех жана орус тилдеринде жарыялады.

Экономикалык жана социалдык көйгөйлөргө, диний турмушка жана башка темаларга арналган жүздөгөн публицистикалык макалалардын автору.

Наамдары. Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору (2018).

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]