Мазмунга өтүү

Усман Дембеле

Википедия — ачык энциклопедия
Портал:Футбол
Портал:Футбол
Усман Дембеле

Дембеле 2026-жылы
Жалпы маалымат
Лакап аты Дембуз (фр. Dembouz)[1]
Төрөлгөн датасы 15 -май 1997(1997-05-15) (29 жаш)
Вернон, Франция
Жарандыгы  Франция
Жетектөөчү буту эки буту тең
Бою 178[1] см
Позициясы чабуулчу
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Франция Пари Сен-Жермен
Номуру 10
Карьерасы
Жаштар клубдары
2004—2009 Франция Мадлен Эврё
2009—2010 Франция Эврё
2010—2015 Франция Ренн
Клубдук карьерасы*
2014—2015 Франция Ренн II 22 (13)
2015—2016 Франция Ренн 26 (12)
2016—2017 Германия Боруссия Дортмунд 32 (6)
2017—2023 Испания Барселона 127 (24)
2023—учур Франция Пари Сен-Жермен 77 (34)
Улуттук курамасы**
2013—2014 Франция Франция (17ге чейин) 8 (4)
2014—2015 Франция Франция (18ге чейин) 5 (0)
2015 Франция Франция (19га чейин) 3 (1)
2016 Франция Франция (21ге чейин) 4 (0)
2016—учур Франция Франция 58 (7)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 17-май 2026-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 26-март 2026-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Масу́р Усма́н Дембеле́ (фр. Masour Ousmane Dembélé, 15-май 1997-жылы туулган) — франциялык футболчу, «Пари Сен-Жермен» клубунун жана Франция курамасынын чабуулчусу. 2018-жылкы дүйнө чемпиону. 2025-жылкы «Алтын топ» сыйлыгынын ээси. Дүйнөдөгү эң мыкты футболчулардын бири болуп эсептелинет[2][3][4][5].

Усман Дембеле Нормандиядагы Вернон шаарында төрөлгөн. Анын апасы Мавритания жана Сенегалдан, ал эми атасы Малиден болгон[6]. Ал футболдогу алгачкы кадамдарын үйүнө жакын жайгашкан Эврё шаарында жасап, ошол жердеги «Эврё» клубунда ойногон[7].

Клубдук карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Дембеле 2015-жылы «Ренндин» курамында

Дембеле 2014-жылы «Ренн» клубунун резервдик командасында ойноп баштаган.

2015-жылдын 6-ноябрында Дембеле «Ренндин» негизги командасы үчүн Франция чемпионатында «Анжер» клубуна каршы профессионалдык дебютун кылган[8]. 22-ноябрда «Бордого» каршы оюнда алгачкы голун киргизген[9]. 6-мартта «Нантка» каршы оюнунда өзүнүн биринчи хет-тригин жасаган[10]. Дебюттук сезонунда 29 оюн өткөрүп, 12 гол киргизген[11].

Боруссия Дортмунд

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2016-жылдын 12-майында Дембеле германиялык «Боруссия Дортмунд» клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн[12]. 14-августта ал дебюттук оюнун өткөрүп, Германия Суперкубогунда «Баварияга» каршы 0:2 эсебинде утулушкан[13].

Дембеле клуб үчүн биринчи голун 20-сентябрда «Волфсбург» клубуна каршы оюнунда киргизген[14]. 22-ноябрда УЕФА Чемпиондор лигасындагы биринчи голун польшалык «Легия» клубуна каршы киргизип, «Боруссия» 8:4 эсебинде жеңген[15].

2017-жылдын 27-май күнү Берлиндеги өткөн Германия Кубогунун финалында Дембеле «Айнтрахт Франкфурт» клубуна киргизген жана «Боруссия» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Бул Кубок дортмунддук клуб үчүн беш жылдан бери алгачкы титулу болгон. Дембеле оюндун мыкты оюнчусу деп табылган[16]. 2016/17 сезонунда ал 6 гол киргизип, 13 голдук пас берген. Ошондон кийин ал Бундеслиганын сезондук символикалык курамына кирип, «Сезондун мыкты жаш оюнчусу» сыйлыгын алган[17][18].

2017-жылы Усман Дембеле испаниялык «Барселона» клубуна 105 миллион евро жана кошумча бонустар менен өткөн. Ал 5 жылдык келишим түзүп, мурда Неймар кийген 11-номерди алган[19][20].

Дембеле испаниялык клуб үчүн дебютун 9-сентябрда «Эспаньол» клубуна каршы кылган. Биринчи сезонунда жаракаттардан көп кыйналып, алгачкы голун 2018-жылдын 14-мартында УЕФА Чемпиондор лигасынын «Челси» менен болгон оюнда киргизген[21]. Команда менен Ла Лига титулун жана Испания Кубогун уткан.

2018/19 сезонунда Дембеле мыкты оюн көрсөтүп, Суперкубокто «Севильяга» каршы жеңиш голун киргизген. Ошондой эле Чемпиондор лигасында маанилүү голдорду киргизип, сезонду 14 гол менен аяктап, «Барселона» менен кайрадан Испания чемпиону болгон[22].

2019–2021-жылдары ал кайра-кайра жаракат алып, көп оюндарды өткөрүп жиберген. Айрыкча бутунун булчуңдарынан олуттуу жаракат алган[23][24][25]. 2021-жылы Франция курамында Евро-2020 учурунда кайрадан жаракат алып, операция болгон.

Дембеле 2022-жылы кайра жакшы формага келип, Ла Лигада 13 голдук пас жасап, эң мыкты ассистенти болгон[26]. Ошол эле жылы «Барселона» менен келишимин 2024-жылга чейин узарткан[27].

2022/23 сезонунда Дембеле бардык оюндарда 8 гол киргизип жана 9 голук пас берип, «Барселонага» Ла Лиганы жана Испания Суперкубогун утканга жардам берген[28].

Пари Сен-Жермен

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Дембеле 2025-жылдын январь айында ПСЖнын курамында «Манчестер Ситиге» каршы оюнунда

2023-жылы Усман Дембеле франциялык «Пари Сен-Жермен» клубуна өтүп, 2028-жылга чейин келишим түзгөн[29][30][31]. Башында 23-номерди кийип, кийин Неймар кеткенден кийин 10-номерге өткөн[32].

Биринчи сезонунда ал Лига 1 чемпионатын жана Франция Кубогун уткан. Ошондой эле мурдагы клубу «Барселонага» каршы УЕФА Чемпиондор лигасында гол киргизип, ПСЖнын жарым финалга чыгышына жардам берген[33][34].

2024/25 сезонунда Дембеле абдан күчтүү оюн көрсөтүп, ПСЖ үчүн 35 гол киргизип, 14 голдук пас жасаган[35]. Ал Лига 1дин эң мыкты оюнчусу аталып, ПСЖ менен «требл», башка айтканда Франция чемпионатын, Кубогун жана УЕФА Чемпиондор лигасын уткан[36][37]. Ошол сезон үчүн ал «Алтын топ» сыйлыгын жеңип алган.

2025/26 сезонунда жаракаттарына карабай ПСЖ менен дагы ийгиликтерге жетишкен. Ал FIFA The Best сыйлыгында жылдын эң мыкты футболчусу деп табылган жана Лига 1дин мыкты оюнчусу наамын катары менен экинчи жолу алган[38].

Эл аралык карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Дембеле Франция менен 2018 Дүйнө чемпионатын жеңгенден кийин

Усман Дембеле 2016-жылы биринчи жолу Франциянын улуттук курама командасына чакырылган. Ал 1-сентябрда Италияга каршы оюнда дебют жасап, Антуан Гризманндын ордуна алмашып кирген.

2017-жылы ал Франция үчүн биринчи голун Англияга каршы достук оюнда киргизген[39].

2018 Дүйнө чемпионатында Франция курамында запас оюнчу катары чемпион болгон.

Евро-2020 мелдешинде Дембеле тайпалык баскычта Мажарстан менен болгон беттеште жаракат алып, андан кийин ойногон эмес. Ошол эле айда операция болгон. Франция 1/8 финалга чейин жеткен.

2022 Дүйнө чемпионатында ал Франциянын негизги оюнчусу болуп, бардык оюндарда ойногон. Команда финалга чейин жетип, бирок жеңилип калган. Дембеле мелдеште 2 голдук пас жасаган.

Евро-2024 мелдешинде Дембеле Португалияга каршы чейрек финалда оюндун мыкты оюнчусу деп табылган[40]. Франция жарым финалга чейин жетип, Испанияга 2:1 эсеби менен утулган.

«Боруссия Дортмунд»

  • Германия Кубогунун жеңүүчүсү: 2016/17[41]

«Барселона»

  • Ла Лига чемпиону: 2017/18[42], 2018/19[43], 2022/23[44]
  • Испания Кубогунун жеңүүчүсү: 2017/18[45], 2020/21[46]
  • Испания Суперкубогунун жеңүүчүсү: 2018[47], 2023[48]

«Пари Сен-Жермен»

  • Лига 1 чемпиону: 2023/24[49], 2024/25[50], 2025/26[51]
  • Франция Кубогунун жеңүүчүсү: 2023/24[52], 2024/25[53]
  • Франция Суперкубогунун жеңүүчүсү: 2023[54], 2024[55], 2025[56]
  • УЕФА Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү: 2024/25[57]
  • УЕФА Суперкубогунун жеңүүчүсү: 2025[58]
  • ФИФА Континенттер аралык Кубогунун жеңүүчүсү: 2025[59]
  • ФИФА Клубдук дүйнө чемпионатынын финалчысы: 2025[60]

Франция

Жеке сыйлыктары

  • «Алтын топ» сыйлыгынын ээси: 2025[64]
  • FIFA The Best эркектер арасындагы мыкты оюнчусу: 2025[65]
  • Globe Soccer Awards эркектер арасындагы жылдын мыкты оюнчусу: 2025[66]
  • Лига 1дин мыкты жаш оюнчусу: 2015/16[67]
  • Лига 1дин айдын мыкты оюнчусу: март 2016[68], январь 2025[69]
  • УЕФА Чемпиондор лигасынын сезондун мыкты тобу: 2024/25[70]
  • УЕФА Чемпиондор лигасынын сезондун мыкты оюнчусу: 2024/25[71]
  • УЕФА Чемпиондор лигасынын «жарылыш» тобу: 2016[72]
  • Бундеслиганын мыкты жаш оюнчусу: 2016/17[18]
  • Бундеслиганын сезондун мыкты тобу: 2016/17[17]
  • Германиянын мыкты трансфери: 2016/17[73]
  • Ла Лиганын мыкты ассистенти: 2021/22[74]
  • Лига 1дин жылдын мыкты тобу: 2023/24[75], 2024/25[76], 2025/26[77]
  • Лига 1дин мыкты ассистенти: 2023/24[78]
  • Лига 1дин сезондун мыкты оюнчусу: 2024/25[36], 2025/26[79]
  • Лига 1дин жылдын мыкты голу: 2025/26[80]
  • Лига 1дин сезондун мыкты бомбардири: 2024/25[81]
  • The Athletic Европа оюнчулар арасындагы сезондун мыкты тобу: 2024/25[82]
  • ФИФА жылдын мыкты тобу: 2025[83]
  • FIFA The Best жылдын мыкты тобу: 2025[84]
  • IFFHS дүйнөнүн мыкты оюнчусу: 2025[85]

Ордендер

  • Ардак Легионунун рыцары: 2018[86]
  1. 1 2 Усман Дембеле ПСЖ клубунун расмий сайтындагы баракчасы (англ.). psg.fr. Текшерилген күнү 20 -май (бугу) 2026.
  2. Ballon d'Or 2025 Power Rankings: Desire Doue's Champions League final fireworks move PSG teenager into the top 10 - but this is Ousmane Dembele's Golden Ball (англ.) (1 June 2025). Текшерилген күнү 3 -июнь (кулжа) 2025.
  3. The 25 best footballers in the world right now - ranked in order (англ.) (10 November 2023). Текшерилген күнү 3 -июнь (кулжа) 2025.
  4. After PSG beat Liverpool, we ask: Is Dembélé the world's best soccer player? (англ.) (14 March 2025). Текшерилген күнү 3 -июнь (кулжа) 2025.
  5. EwanRoss-Murray The 15 Best Players Who Will Be At the 2026 World Cup—Ranked (англ.) (March 30, 2026). Текшерилген күнү 28 Апрель 2026.
  6. MathieuOlivier Qui est Ousmane Dembélé, la nouvelle étoile d'origine africaine du football français ? (фр.) (30 August 2016). Текшерилген күнү 31 -январь (үчтүн айы) 2017.
  7. Formé à l'ALM Evreux, Ousmane Dembélé en passe de rejoindre Barcelone pour 150 M€ (фр.). Paris-Normandie (25 August 2017). Текшерилген күнү 30 -август (баш оона) 2017.
  8. Angers – Rennes – Ligue 1, Eurosport (6 November 2015). Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2017.
  9. D.Crossan Carrasso saves point for Bordeaux. Ligue 1 (22 November 2015). Текшерилген күнү 23 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  10. Ligue 1 : Rennes écrase Nantes (4–1) (fr), Le Monde (6 March 2016). Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2017.
  11. Revivez la victoire du Stade Rennais 3-1 contre Reims (2 April 2016). Текшерилген күнү 30 Апрель 2025.
  12. Borussia Dortmund signs top talent Ousmane Dembélé. Borussia Dortmund (12 May 2016). Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2016.
  13. Deutscher Supercup, 2016, Finale (нем.). German Football Association (14 August 2016). Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2017.
  14. VfL Wolfsburg 1–5 Borussia Dortmund, BBC Sport (20 September 2016). Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2017.
  15. StephanUersfeld Borussia Dortmund 8–4 Legia Warsaw: Champions League record-breaker (23 November 2016). Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2017.
  16. StefanBuczko Dembele, Pulisic deliver Dortmund from title drought in DFB Pokal final (28 May 2017). Текшерилген күнү 8 -июнь (кулжа) 2017.
  17. 1 2 Official Bundesliga Team of the Season for 2016/17. Bundesliga (26 May 2017). Текшерилген күнү 29 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 12 -июнь (кулжа) 2018.
  18. 1 2 Borussia Dortmund's Ousmane Dembele voted Bundesliga Rookie of the Season. Bundesliga (21 June 2017). Текшерилген күнү 20 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 11 -август (баш оона) 2017.
  19. Ousmane Dembele: Barcelona agree £135.5m deal for Dortmund forward, BBC Sport (25 August 2017). Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2017.
  20. SamuelMarsden Borussia Dortmund confirm Barcelona close to Ousmane Dembele deal (25 August 2017). Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2017.
  21. Lowe, Sid. Ousmane Dembélé finally shines but the night belongs to Lionel Messi (14 March 2018). Текшерилген күнү 14 -март (жалган куран) 2018.
  22. Ousmane Dembele injury history: Barcelona & France star's absences & how many games he has missed. Goal.com (26 January 2022).
  23. Fibla, Albert. Dembélé es torna a trencar i serà baixa cinc setmanes (ca), L'Esportiu (20 August 2019). Текшерилген күнү 20 -август (баш оона) 2019.
  24. Ousmane Dembele: Barcelona winger sidelined for six months after surgery, BBC Sport (11 February 2020). Текшерилген күнү 12 -февраль (бирдин айы) 2020.
  25. Grave lesión de Dembélé: se pierde lo que queda de temporada (Spanish) (4 February 2020). Текшерилген күнү 30 Апрель 2025.
  26. All leaders in Assists. La Liga. Текшерилген күнү 23 -сентябрь (аяк оона) 2021.
  27. Dembélé to sign contract until 2024 (англ.). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2022.
  28. FC Barcelona, Liga champions 2022/23! (англ.). fcbarcelona.com (14 May 2023). Текшерилген күнү 20 -май (бугу) 2026.
  29. PSG sign Dembele from Barcelona after agreeing €50m deal. ESPN (12 August 2023).
  30. Agreement on transfer of Ousmane Dembélé to Paris St Germain (12 August 2023). Текшерилген күнү 12 -август (баш оона) 2023.
  31. TomSanderson FC Barcelona Come Out Of Dembele PSG Transfer Richer Than Expected After Pressuring Player's Camp: Reports. Текшерилген күнү 14 -август (баш оона) 2023.
  32. DEMB10UZ - The number 10 for Dembélé! (17 August 2023). Текшерилген күнү 17 -август (баш оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 25 Апрель 2025.
  33. Paris Saint-Germain win their 12th Ligue 1 title! (англ.) (28 April 2024). Текшерилген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2025.
  34. Paris Saint-Germain win the Coupe de France for the 15th time (англ.) (25 May 2024). Текшерилген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2025.
  35. D'abord mené, le PSG termine la saison par une victoire à domicile contre Auxerre. Текшерилген күнү 18 -май (бугу) 2025.
  36. 1 2 Ousmane Dembélé élu meilleur joueur de Ligue 1 pour la première fois aux Trophées UNFP (фр.).
  37. Dembele Wins UEFA Champions League Player of the Season Award (1 June 2025). Текшерилген күнү 1 -июнь (кулжа) 2025.
  38. Ousmane Dembélé, Pierre Sage, Zouriko Davitashvili, Melchie Dumornay, Michael Olise... Le palmarès complet des trophées UNFP 2025-2026 (фр.). Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2026.
  39. McNulty, Phil. France 3–2 England, BBC Sport (13 June 2017). Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2017.
  40. Portugal 0–0 France (aet, 3–5 pens): Les Bleus edge through on spot-kicks. Union of European Football Associations (19 November 2023).
  41. Niestegge, Jan. Borussia Dortmund gewinnt im DFB-Pokalfinale gegen Eintracht Frankfurt (de), Eurosport (28 May 2017). Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2018.
  42. Barcelona 2017–18: Statistics. Текшерилген күнү 13 Апрель 2021.
  43. Barcelona 2018–19: Statistics. Текшерилген күнү 13 Апрель 2021.
  44. Brewin, John. Espanyol 2-4 Barcelona: Barça win La Liga – as it happened, The Guardian (14 May 2023). Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2023.
  45. Acta del Partido celebrado el 21 de abril de 2018, en Madrid (исп.). Royal Spanish Football Federation. Текшерилген күнү 13 Апрель 2021. Түп булактан архивделген күнү 15 -июнь (кулжа) 2020.
  46. Acta del Partido celebrado el 17 de abril de 2021, en Sevilla (исп.). Royal Spanish Football Federation. Текшерилген күнү 18 Апрель 2021. Түп булактан архивделген күнү 18 Апрель 2021.
  47. Acta del Partido celebrado el 12 de agosto de 2018, en Tanger (исп.). Royal Spanish Football Federation. Текшерилген күнү 13 Апрель 2021. Түп булактан архивделген күнү 15 -июнь (кулжа) 2020.
  48. CiaranBaynes Real Madrid 1-3 Barcelona: Gavi stars as Barca dominate to win Spanish Super Cup (15 January 2023). Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2023.
  49. Paris Saint-Germain win their 12th Ligue 1 title!. Paris Saint-Germain FC (28 April 2024). Текшерилген күнү 28 Апрель 2024.
  50. Le PSG champion de France pour la 13e fois de son histoire après sa victoire contre Angers (fr), L'Équipe (5 April 2025). Текшерилген күнү 5 Апрель 2025.
  51. Grâce à un grand Safonov, le PSG s'impose à Lens et décroche son 14e titre de champion de France (fr), L’Equipe (13 May 2026). Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2026.
  52. Le Paris SG remplit sa Coupe (фр.). Fédération Française de Football (25 May 2024). Текшерилген күнү 26 -май (бугу) 2024. Түп булактан архивделген күнү 26 -май (бугу) 2024.
  53. Guillemet, Hugo. Le PSG s'offre une 16e Coupe de France après une victoire facile en finale contre Reims (fr), L'Équipe (24 May 2025). Текшерилген күнү 24 -май (бугу) 2025.
  54. Paris start 2024 with Trophée des Champions triumph!. Paris Saint-Germain FC (3 January 2024). Текшерилген күнү 3 -январь (үчтүн айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2024.
  55. Foot : Ousmane Dembélé offre sur le fil un nouveau Trophée des champions au PSG contre Monaco (fr), L'Équipe (5 January 2025). Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2025.
  56. Le PSG de Lucas Chevalier tient son premier titre 2026 (фр.). Radio Télévision Suisse (8 January 2026). Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
  57. PSG-Inter Milan : les Parisiens remportent brillamment la Ligue des champions (fr), Le Monde (31 May 2025). Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2025.
  58. JulieBärthel UEFA Super Cup: PSG gewinnt Elfmeterkrimi gegen Tottenham (нем.) (13 August 2025). Текшерилген күнү 13 -август (баш оона) 2025.
  59. Porté par un énorme Safonov lors des tirs au but, le PSG remporte la première Coupe Intercontinentale de son histoire face à Flamengo (fr), L’Équipe (17 December 2025). Текшерилген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2025.
  60. Douché par Chelsea, le PSG ne sera pas le premier vainqueur de la Coupe du monde des clubs (fr), L'Équipe (13 July 2025). Текшерилген күнү 14 -июль (теке) 2025.
  61. McNulty, Phil. France 4–2 Croatia, BBC Sport (15 July 2018).
  62. McNulty, Phil. Argentina 3–3 France, BBC Sport (18 December 2022). Текшерилген күнү 18 -декабрь (бештин айы) 2022.
  63. Germany 0-2 France report: Kylian Mbappé scores landmark goal as Les Bleus clinch Nations League third place, Union of European Football Associations (8 June 2025). Текшерилген күнү 8 -июнь (кулжа) 2025.
  64. Ousmane Dembélé and Aitana Bonmatí land Ballon d'Or awards as England duo honoured. The Guardian (22 September 2025). Текшерилген күнү 23 -сентябрь (аяк оона) 2025.
  65. Dembele scoops The Best Men's Player Award. Fédération Internationale de Football Association (16 December 2025). Текшерилген күнү 16 -декабрь (бештин айы) 2025.
  66. KyleBonn Globe Soccer Awards 2025: Final results, winners and full rankings for Dubai soccer ceremony (en-gb) (28 December 2025). Текшерилген күнү 28 -декабрь (бештин айы) 2025.
  67. Hue, Benjamin. Trophées UNFP 2016 : Ousmane Dembélé élu meilleur espoir de Ligue 1, Radio France Internationale (8 May 2016). Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2016.
  68. PALMARÈS (фр.). Union Nationale des Footballeurs Professionnels. Текшерилген күнү 13 -ноябрь (жетинин айы) 2019.
  69. Ousmane Dembélé, joueur du mois de janvier de la Ligue 1 McDonald's ! (фр.). National Union of Professional Footballers (9 February 2025). Текшерилген күнү 9 -февраль (бирдин айы) 2025.
  70. 2024/25 Champions League Team of the Season, Union of European Football Associations (1 June 2025).
  71. Ousmane Dembélé named 2024/25 UEFA Champions League Player of the Season, Union of European Football Associations (1 June 2025). Текшерилген күнү 1 -июнь (кулжа) 2025.
  72. Our Champions League breakthrough team of 2016. Union of European Football Associations (24 December 2016). Текшерилген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2016.
  73. Profis wählen Lewandowski, Dembélé und Nagelsmann (нем.). VDV (6 June 2017). Текшерилген күнү 6 -июнь (кулжа) 2017. Түп булактан архивделген күнү 21 -май (бугу) 2021.
  74. Leaderboard Assists. La Liga (26 September 2020). Текшерилген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
  75. Trophées UNFP : sept joueurs du PSG dans l'équipe type de la saison 2023-2024 en Ligue 1 (fr), L'Équipe (13 May 2024). Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2024.
  76. Trophées UNFP : Neuf joueurs du PSG dans l'équipe type de la saison en Ligue 1 (fr), L'Équipe (11 May 2025). Текшерилген күнү 11 -май (бугу) 2025.
  77. Une domination du PSG et de Lens, l'OL et l'OM également représentés... L'équipe type de Ligue 1 des trophées UNFP (fr), L’Equipe (11 May 2026). Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2026.
  78. Classement des passeurs Ligue 1 Uber Eats 2023-2024 : Championnat de France - Football (фр.). L'Équipe. Текшерилген күнү 20 -май (бугу) 2024.
  79. Dembélé voit double au coeur d'un palmarès bigarré… (фр.). National Union of Professional Footballers (11 May 2026). Текшерилген күнү 11 -май (бугу) 2026.
  80. Trophées UNFP : le bijou de Dembélé face à Lille élu plus beau but de l'année. Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2026.
  81. D'abord mené, le PSG termine la saison par une victoire à domicile contre Auxerre, L’Équipe. Текшерилген күнү 18 -май (бугу) 2025.
  82. The Athletic's end-of-season awards, 2024-25: Men's football (28 May 2025).
  83. Who is in the 2025 FIFPRO Men's World 11?. FIFPRO (3 November 2025). Текшерилген күнү 3 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
  84. PSG history-makers named in The Best Men's 11.
  85. IFFHS AWARDS 2025 - OUSMANE DEMBELE, MEN'S WORLD BEST PLAYER. IFFHS (14 December 2025). Текшерилген күнү 20 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 20 -май (бугу) 2026.
  86. "Décret du 31 décembre 2018 portant promotion et nomination". Official Journal of the French Republic 2019 (1). 1 January 2019. PRER1835394D. https://www.legifrance.gouv.fr/jorf/id/JORFTEXT000037909703. Retrieved 26 August 2024.