Устукан

Википедия дан

Устукан - малдын бышырылып, эти менен кошо меймандарга тартылуучу жиликтери жана мүчөлөрү. Кыргыздын салттуу турмушунда устукан чоң мааниге ээ болуп андан жаңылган адам айыпка жыгылган. Устукан малдын бардык этинен чыгарылган. Ал көпчүлүк учурда негизги тамактын (мисалы, бешбармактын) алдында берилет. Койдун эти 12 устуканга бөлүнөт: сан жиликтер – жамбаш, кашка жилик, жото жилик; кол жиликтер – далы, каржилик, күң жилик (ар бири экиден). Жогорудагылардан сырткары устукандын катарына койдун башы, куймулчагы жана кабыргалары кирет. Күң жилик, төш, омуртка устуканга кошулбайт. Төш кызга, омуртка балдарга берилет. Кабыргалар кара кабырга жана карчыганын кабыргасы деп айырмаланат. Кыргызда меймандарга устуканды улуулата тартуунун ирети бар: баш, жамбаш, куймулчак, жото жилик, кашка жилик, карчыганын кабыргасы, каржилик, далы кара кабырга. Эркектердин улуусуна баш, аялдардын улуу-суна жамбаш же куймулчак тартылат. Устуканды бөлүштүрүүнүн жергиликтүү өзгөчөлүктөрү да бар. Мисалы, Чүй, Ош өрөөнүндө башты аксакал кишиге берсе, Нарын, Ысыккөл өрөөндөрүндө жашы кичүү конокко берет жана башка Бодо малдын этин меймандарга бөлүштүрүүдө койдукундай устукан берүү мүмкүн болбогону м-н учанын эти, сан эттер, арка, кыртыштуу кабыргалар, жылкынын чучугу, картасы, карыны, уйдун сары жүрмөсү эң сыйлуу конокторго тартылат. Бодо малдын жилиги экиге бөлүнгөнү м-н анын жогорку бөлүгү сыйлуу деп эсептелген. Кандай гана мал болбосун сан жиликтер, сан эттер сыйлуу болгон. Тамак жеп жатканда үйдүн балдарына, кызмат кылып жүргөн келиндерге устукан берүү, үйлөрүнө ала кетүү (аялдар) жөрөлгө болуп эсептелген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]