Усубакунов Мамыт
Көрүнүш
Усубакунов Мамыт (15. 8. 1930, Чүй обл., Сокулук району, Саз айылы - 2011, Бишкек) - химия илимдин доктору (1983) проф. (1985), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1984) Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйл. лауреаты (1982), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп, табуучусу (1972), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1995).
1952-ж. КМУну бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын Орг. эмес жана физикалык химия институтунда кенже, улук илимий кызматкер (1952-64), 1965-жылдан лабораториялык башчысы болуп иштеген. Түстүү металлдардын технологиясы боюнча адис. Анын илимий эмгеги өтө таза сурьманы жана анын бирикмелерин алууга багытталган. 150дөй илимий эмгеги, а. и. 3 монография, 15 автордук күбөлүк жана патенттери бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4