Усупбеков Райымкул Кубатбекович
Көрүнүш
Усупбеков Райымкул Кубатбекович (20.11.1955-ж.т.,Ак-Таш айылы) - финансы тармагынын көрүнүктүү ишмери, финансы кызматынын отличниги.
- Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн (1978).
- 1978-81-жылдары Кыргыз ССРинин Айыл чарба министрлигинде бухгалтер,
- 1980-92-жылдары Жашылча-жемиш чарбасы министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Агроөнөржай комитетинде бухгалтер-ревизор, контролук-ревизиялык башкармалыгынын начальниги,
- 1992-2001-жылдары Чүй облустук салык инспекциясында инспектор, сырткы көзөмөл бөлүмүнүн начальниги,
- 2001-09-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Сатып алуу жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек аймактык бөлүмүнүн начальниги,
- 2014-15-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кеңешчи,
- 2015-жылдан Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору.
- “Кең Чаткал” коомдук фондунун төрагасы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6