Станбек Усупов

Википедия дан
Усупов Станбек‎»‎ барагынан багытталды)
Усупов Станбек
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Усупов Станбек
Туулган жылы: 1934-жылы 5-май
Туулган жери: Боз-Бешик айылы, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу, журналист

Усупов Станбек - жазуучу, журналист. Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында 1934-жылы 5-майда туулган.

Таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айылдык мектептен жети жылдык билим алып, Фрунзе шаарындагы № 5 орто мектебинен окуусун уланткан.
1953–1958-жж. Казак мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнөн билим алган.
1958–1967-жж. “Ленинчил жаш” гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орун басары, редактор болуп иштеген.
1967–1970-жж. КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын журналистика боюнча аспирантурасында окуп, тарых илимдеринин кандидаттык дара-жасына диссертация жактаган.

Журналисттик ишмердүүлгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1971–1974-жж. “Ысык-Көл правдасы” гезитинде редактор
  • 1974–1976-жж. “Советтик Кыргызстан” гезитинде редактордун орун басары
  • 1976–1986-жж. “Кыргызстан коммунисти” журналынын башкы редактору
  • 1986–1992-жж. Кыргыз телеграф агенттигинин (Кыргыз ТАГдын) директору болуп иштеген.

2000-жылдан бери К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүндө жана факультетинде профессордук милдетти аткарууда.

Жазуучулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын алгачкы “Байкенин баркы” аттуу ыры 1954-жылы “Ленинчил жаш” гезитинде басылган жана 300дөн ашык публицистикалык макалалары, очерктери республикалык гезит-журналдарда басылып, теле-радиодон уктурулган.
Анын которуусунда орус жазуучуларынын жана журналисттеринин үч китеби жарык көргөн.

Коомдук ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Фрунзе шаардык, Ысык-Көл облустук кеңештеринин депутаты
  • Кыргызстан ЛКСМ БКнын, анын бюросунун, партиянын Ысык-Көл обкомунун, Кыргызстан Компартиясынын Текшерүү комиссиясынын, республикалык журналисттер союзунун катчылыгынын мүчөсү болуп шайланган.

Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1981-жылы “Ардак белгиси” ордени, ар түрдүү жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланып, 1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген журналисти” ардактуу наамына татыктуу болгон. “Кыргыз-стандын элге билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, 1998-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

1962-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турмуш-тиричиликтин маданияты. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 104 б. (А.Табалдиев менен авторлош).
Адам жашаган: Очерктер жана публицистикалар жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1967. – 166 б.
Ата мекен: Публицистика жана очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 229 б.
Жаркын элестер: Публицистикалар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 319 б.
Жүрөктө жүргөндөр: Публицистика жана очерктер. – Ф.: Адабият, 1989. – 223 б.
Мезгилим жана мекендештерим. – Б.: Бийиктик, 2010. – 645 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

История кыргызской журналистики: Учебное пособие. – Б.: Типография БГУ, 2007. – 176 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Песков В. Шүүдүрүмдөгү издер. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 371 б. (С.Мамбеталиев менен авторлош).
Песков В. Согуш жана адамдар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 174 б.
Чивилихин В. Үч повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 430 б. (Ш.Келгенбаев менен авторлош).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]