Мазмунга өтүү

Усуп кызы Айым

Википедия — ачык энциклопедия

Усуп кызы Айым (1930-1979) Саймачы жана оймочу. Тоң районунун Кызыл-Дербө айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Колхоздо эмгектенген. Уздукту негизги кесип тутушуна чечен, шайыр, кошокчу катары таанылган ата-энеси бирден бир себепкер. Айымдын колунан тамган туш кийиздери, шырдактары айыл ичинде кыйла жолугат. Туш кийиздерине беш табакча алынган. Анын ар биринен кийин өзүнчө «көөкөр оюм» менен «кыял оюмун» алмак-салмак эриш-аркак берген, капкалдырыгы ортолук көчөттөргө үндөшөт. Көркөм каражаттардын араларын өрүүчү «суусуна» «ит куйрук оюмун» тандаган. Саймачылыкка таандык түрдү түр жиптери аркылуу сарысаптаган. Мында буюм эскирген сайын анын саймалары жалтылдап, жүзүнө чыгып, ал өнөрү менен түбөлүктүүдөй сезилет. Чечмелей келгенде «көөкөр көчөтү» аркылуу уз токчулукту, «кыял көчөтү» менен сезимди, көңүлдү, маанайды билдирген. Айрым шырдак оюмдарын берүүдө өзүнүн кыял чабытын кошумчалап, кээде күтүүсүз өзгөртүп, көркөмдүктөрдү ич ара кыйыштырууга шарттуу бөтөнчөлүктөрдү түзгөн. Ал «Айымдын кыялы» катары таанылган. Мында «куш оюму» «мүйүз оюмдарына» (көбүнчө кочкор мүйүз), «карга тырмак оюмуна», «жарым кыял оюмуна», «жагалмай оюмуна» (ал көбүнчө четтик оюм катары билинет) «колтук оюм» катары катыш жасайт. Айымдын туш кийиз көчөттөрүндө (шырдак оюмдары) бул байланыш сакталат. Демек, уз тоолуктарга мүнөздүү кооздуктарды саймада ичке алат да, көркөм көчөттөрдү кыялданта берип, ал өсүмдүктөрдүн бутактары, жалбырактары, тамырлары, сабактары аркылуу шарттуу тутумдашып турат. Мында уз көркөм оюмдардан сайма көчөттөрдү туунду катары чыгарат. Ошондуктан уз үчүн шырдак жасоодогу же туш кийиз саюудагы сары саптоочу изденүү жеңилдей туюлган. Анын буюм-тайымдарындагы оюм-көчөттөрү бири бирине жеңил-желпи өтөт. Айым кооздук жаратууда төкмөчүлүк (провизатор) касиетке эгедер уз болгон. Эмгеги түстүү баттамада.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0