Уулуу заттарды таануу (токсикология)
Көрүнүш
Уулуу заттарды таануу (токсикология) (гр. toxikоn – уу жана lуgos – сөз, окуу) – уулуу заттар, алардын келип чыгуусу, химиялык курамы жана касиеттери, тирүү жанга тийгизген таасири, аныктоо ыкмалары, уулануу менен күрөшүү жана аларды алдыналуу жөнүндө илим. У. з. т. сот медицинасынын жана криминалчылык техниканын бөлүгү катары биологиялык материалдагы (өлүктүн бөлүктөрүнөн, ашказандын ичиндегилерден, дене суюктуктарынын), заттардан же жыйындылардан уулуу затарды табуу менен алектенет, канда алкоголдун болушун аныктайт же баңги ууларын окшоштурат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7