Мазмунга өтүү

Уу-Булак шаар калдыгы

Википедия — ачык энциклопедия

Уу-Булак шаар калдыгы -10-12-кылымга таандык археологиялык эстелик.

Чаткал суусунун жогору агымында, анын оң өйүзүндө. Кара-Кысмак суусунун батыш тарабында жайгашкан. Цитадель (68 м х 92 м) жана ага туташкан короодон (153 м х 92 м) турат. Алар мунаралуу калың дубалдар менен айланта тосулган. Чептин жана короонун ичинде о. кылымдагы курулуштардын калдыгы бар. Чаткал өрөөнүнүн оозундагы күзөт чеп болушу да мүмкүн. 1951-ж. археолог A. К. Кибиров изилдеген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4