Учкучсуз учуучу аппарат

Википедия дан

Учкучсуз учуучу аппарат (англ. unmanned aerial vehicle (UAV)) — бортунда экипажы жок учуучу аппарат.

Байрактар Акынжы.

Ал башкарылбоочу, учкучсуз, автоматтык учкучсуз, аралыктан башкарылуучу Учкучсуз учуучу аппарат болуп айырмаланат. Алар массасы, учуунун узактыгы, алыстыгы жана бийиктиги сыяктуу өз ара байланышкан параметрлери боюнча айырмаланат. Төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт: «кичине» («микро» шарттуу аталыш) - массасы 10 кгга чейин, учуу убактысы болжол менен 1 саат жана учуу бийиктиги 1 кмге чейин; «чакан» («мини») - массасы 50 кгга чейин, учуу убактысы бир нече саат жана учуу бийиктиги 3-5 км; орто («миди») салмагы 1000 кгга чейин, учуу убактысы 10-12 саат, учуу бийиктиги 9-10 км; оор - учуу бийиктиги 20 кмге чейин, учуу убактысы 24 сааттан ашык. Заманбап Учкучсуз учуучу аппараттын координатасын жана жердеги ылдамдыгын аныктоо үчүн спутниктик навигациялык кабыл алгычтар колдонулат. Багыт алуу бурчтары жана кайра жүктөөсү гироскоп жана акселерометр менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4