Учуучу аппараттын канаты

Википедия дан

Учуучу аппараттын канаты - атмосферада учуучу аппараттын (самолёт, планёр, канаттуу ракета ж. б.) көтөрүү күчүн пайда кылуучу бөлүгү.

Канат үч проекция боюнча айырмаланат: жактуу (тик бурчтуу, үч бурчтуу, трапеция түрүндөгү ж. б.), капталдуу (профили боюнча), алдыңкы (V-, W-, М - сымалдуу).

Канаттын негизги конструкциясын узата жана туур алтын кеткен элементтер түзсө, ал бирикме түйүнгө жана каптоочко бекитилет. Көтөрүү күчүн жана маңдай каршылыкты өзгөртүү үчүн Канаттын айрым бөлүктөрү кыймылдуу жасалат. Канаттын ичине күйүүчү отун, дөңгөлөк шассиси ж. б. орнотулат. Үн ылдамдыгына чейинки учуучу аппараттарда Канат дюралюминий, өтө бекем болот, титан, магний жана бериллий куймалары, сымдалган пластиктон ж. б. даярдалат. Жеңил самолёттордо жана планёрлордо негизинен жыгач колдонулат. Үндөн тез ылдамдыкта учуучу, гиперун жана космос аппараттары үчүн ысыкка чыдамдуу куймалар ж. б., ошондой эле жылуулуктан сактоочу жана өткөрбөөчү материалдар пайдаланылат. Канаттын сапаты көп параметрлер менен бааланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.