Мазмунга өтүү

Ушаклыгил Латифе

Википедия — ачык энциклопедия
Ушаклыгил Латифе
түрк. Latife Uşaklıgil
Ушаклыгил Латифе
Желек
Желек
Түркиянын биринчи айымы
29-октябрь 1923 — 5-август 1925
Андан кийинки: Мевхибе Инөнү
 
Дини: ислам
Туулган жылы: 17 -июнь 1898(1898-06-17)
Туулган жери: Осмон империясы, Измир
Каза болгон жылы: 12 -июнь 1975(1975-06-12) (76 жаш)
Каза болгон жери: Түркия, Стамбул
Мүрзөсүнүн орду: Эдирнекапы көрүстөнү
Жубайы: Мустафа Кемел Ататүрк
Билими: Париж университети

Ушаклыгил Латифе (түрк. Latife Uşaklıgil; 17-июнь 1898 — 12-июль 1975) — түрк мамлекеттик ишмери, 1923-1925-жылдары Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн жубайы[1].

Түркиянын биринчи айымы Латифе Ушаклыгил (1923)

Латифе 1898-жылы Измир шаарында туулган[2]. Анын туулгандагы аты-жөнү — Латифе Ушакизаде (түрк. Latife Uşakizâde). Ушак шаары менен туугандык байланышы бар белгилүү соодагердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ошондуктан алардын уруусу расмий эмес түрдө «Ушакизаде» деп аталган. Атасы тарабынан ал белгилүү түрк жазуучусу Халит Зия Ушаклыгил менен тууган болгон.

Латифе Измирдеги орто мектепти бүтүрүп, 1919-жылы Париж жана Лондон шаарларында юридикалык билим ала баштаган. Түркияга кайтып келген учурда Түркиянын көз карандысыздык согушу аяктап калган эле. 1922-жылдын 11-сентябрында Мустафа Кемаль Ататүрк Измирде экенин уккан Латифе анын штабына барып, коопсуздукту сактоо максатында үй-бүлөсүнү тийиштүү үйдө жашап турууну сунуштаган. Мустафа Кемаль бул сунушту ыраазычылык менен кабыл алган жана ошондон кийин алардын мамилеси башталган.

Мустафа Кемал менен Латифе иш сапар учурунда (1923)

Латифе менен Мустафа Кемаль 1923-жылдын 29-январында баш кошушкан. Бул учур Мустафа Кемальдын апасы Зүбайде-ханым каза болгондон кийин анын Измирге кайтып келген мезгилине туура келген.

Латифенин мүрзөсү.

Эки жарым жылга созулган нике учурунда Латифе Түркиянын биринчи айымы катары аялдардын эркиндикке чыгышынын жана Мустафа Кемаль Ататүрк жүргүзгөн реформаларынын символдорунун бири болуп калган[3].

Мустафа Кемаль менен Латифе 1925-жылдын 5-августунда ажырашышкан. Андан кийин Латифе 1975-жылы каза болгонго чейин Измир жана Стамбул шаарларында жашап, коомчулуктан обочороок өмүр сүргөн. Мустафа Кемаль менен ажырашкандан кийин кайра турмушка чыккан эмес жана өмүрүнүн аягына чейин алардын мамилеси тууралуу эч маалымат айткан эмес.

2005-жылы Латифенин үй-бүлөсү анын күндөлүгүн жана Мустафа Кемаль Ататүрк менен жазышкан каттарын жарыялоодон баш тарткан[4].

Латифе тууралуу «Жумхуриет» гезитинин журналисти Ипек Чалышлар жазган кеңири өмүр баяны 2006-жылы жарыяланып, Түркияда чоң талкуу жараткан[5].



  1. ↑ Balkaya, İhsan Sabri (28 Mart 2014). "ATATÜRK'ÜN EŞİ LATİFE HANIM'DAN ALİ FETHİ OKYAR'IN EŞİ GALİBE HANIM'A MEKTUPLAR". Atatürk Yolu Dergisi. 14 (55): 0-0. doi:10.1501/Tite_0000000413. ISSN 1303-5290. 8 Ekim 2022 tarihinde kaynağından arşivlendi8 Ekim 2022.
  2. ↑ Kolektif (1 Aralık 2011). Notos Öykü 31 - Latin Amerika Edebiyatı: Aralık 2011-Ocak 2012. Notos Kitap Yayıncılık Eğitim Danışmanlık ve Sanal Hizmetler Tic. Ltd. Şti.
  3. ↑ Turkey in the 21st century: The Legacy Of Mrs Ataturk. Pelin Turgut. The Independent (1 -июль (теке) 2006). Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 18 -июль (теке) 2006.
  4. ↑ Ataturk diaries to remain secret. BBC (4 -февраль (бирдин айы) 2005).
  5. ↑ Article: Atatürk, his wife and her biographer. Emrah Güler. Turkish Daily News (25 -август (баш оона) 2006).

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]