Мазмунга өтүү

Ушаклыгил Халид Зия

Википедия — ачык энциклопедия
Ушаклыгил Халид Зия
түрк. Halid Ziya Uşaklıgil
Туулган датасы:

12 -февраль 1865(1865-02-12)

Туулган жери:

Осмон империясы, Стамбул

Өлгөн датасы:

27 -март 1945(1945-03-27) (80 жаш)

Жарандыгы:

 Түркия

Ишмердүүлүгү:

прозаик, акын жана драматург

Чыгармачылык жылдары:

1889 — 1945

Ушаклыгил Халид Зия Викиказынада

Ушаклыгил Халид Зия (түрк. Halid Ziya Uşaklıgil,haːˈlit ziˈjaː uˌʃaklɯˈɟil[1] 1866 — 27-март 1945) — түрк прозаиги, акын жана драматург. Осмон империясынын акыркы мезгилинде пайда болгон Edebiyat-ı Cedide («Жаңы адабият») адабий агымына таандык. Көптөгөн адабий кыймылдардын жана мекемелердин негиздөөчүсү жана активдүү катышуучусу болуп, Servet-i Fünun («Илим байлыгы») журналында да чыгармаларын жарыялап турган. Султан Абдул-Хамид IIни туруктуу сынга алып келгендиктен, анын чыгармалары цензурага кабылган. Жазуучунун көптөгөн романдары, пьесалары, аңгемелери жана эсселери белгилүү. Алардын ичинде 1899-жылы жазылган «Aşk-ı Memnu» («Тыюу салынган сүйүү») сүйүү романы өзгөчө атакка ээ болуп, 1975-жылы мини-сериал, ал эми 2008-жылы эл аралык телесериал катары экрандаштырылган[2].

Халид Зия Ушаклыгил 1866-жылы Стамбул шаарында төрөлгөн. Башталгыч мектепти аяктагандан кийин Стамбулдагы Fatih Rüştiyesi орто мектебине кирген, бирок 1879-жылы үй-бүлөсү Измир шаарына көчүп кеткендиктен, орто билимин ошол жактан бүтүргөн. Кийинчерээк христиан мектебинде окуп, француз тилин үйрөнгөн. Дал ошол жерде анын алгачкы котормо чыгармалары жарык көргөн.

1886-жылы Ушаклыгил Hizmet аттуу гезитти негиздеген. 1896-жылдан тартып европалык адабий стилди жайылткан Servet-i Fünun түрк адабий журналында чыгармаларын жарыялай баштаган.

1901-жылы анын «Kırık Hayatlar» («Сынган өмүрлөр») романы Абдул-Хамид IIнин режими тарабынан цензурага алынган. Ошондон кийин жазуучу романдарын жарыялоону токтоткон. Бул чыгарма заманбап Түркия түзүлгөндөн кийин гана, 1923-жылы кайрадан басылып чыккан[3].

Ушаклыгилдин алгачкы чыгармачылык стили француз романтизминин таасиринде жазылган. Романдарынын көбүндө ишке ашпай калган сүйүү темасы сүрөттөлөт. Анын чыгармалары ошол мезгилдеги түрк адабиятынан так формасы жана араб-фарс сөздөрүнө бай көркөм тили менен айырмаланган[4].

Өмүрүнүн акыркы жылдарында Ушаклыгил Стамбулга жакын жайгашкан Ешилкөй айылында (азыркы Стамбулдун райондорунун бири) жашаган.

Чыгарамалары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Nemide (1889)
  • Bir Ölünün Defteri (1889)
  • Ferdi ve Şürekâsı (1894)
  • Mai ve Siyah (1897)
  • Aşk-ı Memnu (1900)
  • Kırık Hayatlar (1923)
  • Bir Muhtıranın Son Yaprakları (1888)
  • Bir İzdivacın Tarih-i Muaşakası (1888)
  • Heyhat (1894)
  • Solgun Demet (1901)
  • Sepette Bulunmuş (1920)
  • Bir Hikâye-i Sevda (1922)
  • Hepsinden Acı (1934)
  • Onu Beklerken (1935)
  • Aşka Dair (1936)
  • İhtiyar Dost (1939)
  • Kadın Pençesinde (1939)
  • İzmir Hikâyeleri (1950) (posthumous)
  • Kabus (1918)
  • Anı: Kırk Yıl (1936)
  • Saray ve Ötesi (1942)
  • Bir Acı Hikâye (1942)
  • Mensur Şiirler (1889)
  • Sanata Dair (1938—1955) (3 томдон турат)
  1. Forvo — Halid Ziya Uşaklıgil. Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2014.
  2. Zeynep Uysal'la Halit Ziya Edebiyatı Üzerine 2, Besharfliler.com sitesi, 28.10.2015
  3. Sevda Altunbaş, Halit Ziya Uşaklıgil’in Romanlarında Kadın ve Kadın Eğitimi, Dokuz Eylül Üniversitesi Eğitim Bilimleri Enstitüsü Ortaöğretim Sosyal Alanlar Eğitimi Ana Bilim Dalı Türk Dili ve Edebiyatı Öğretmenliği Programı Yüksek Lisans Tezi, İzmir 2007
  4. Hüseyin Yaşar, Nesl-i Âhir'de Bir Meşrutiyet Aydını: Süleyman Nüzhet, Türklük Bilimi Araştırmaları Dergisi, Sayı 33

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]