Уэллс Герберт Жорж
Көрүнүш
Уэллс Герберт Жорж (21. 9. 1866, Бромли - 13. 8. 1946, Лондон) - англис жазуучусу.
- Дүкөнчүнүн уулу. Лондон университетин бүткөн (1888).
- Биологиянын доктору (1942).
- Чыгармалары 1893-жылдан жарыялана баштаган.
- Жазуучулук таланты фантастика жанрынан көрүнгөн: «Мезгил машинасы» (1895), «Көрүнбөс киши» (1897), «Доктор Моро аралы» (1896) ж. б. романдар.
- Буларда Уэллс коомдо техниканын өөрчүшү эмгекчи элднн турмушун начарлатат,. илимий ачылыштарды көбүнчө агрессиялык максаттар үчүн пайдаланат деген.
«Азаттык алган дүйнө» (1914) романында атом энергиясы согуш жана тынчтык максатында пайдаланыларын алдын ала айткан. Уэллстин технократия идеясында жазылган да чыгармалары бар: «Сүйүү жана мистер Люишем» (1900), «Киппе» (19(B), «Тоно-Бенге» (1909), «Мистер Подлинин таржымалы» (1910) ж. б. романдар.
20-жылдардын аягынан тартып антифаш. чыгармалар жарыялаган; «Жакын калганда» (1927), «Мистер Паргемдин жеке бийлиги» (1930) романдары, «Крокетчи» (1936) повести ж. б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.