Уюл түнү

Википедия дан

Уюл түнү - жогорку кеңдиктерде кышында Күн горизонттон жогору көтөрүлбөгөн жана күн нуру тике тийбеген мезгил.

Түндүк уюл тегерегинен түндүктө жана Түштүк уюл тегерегинен түштүктө жаткан аймактарга мүнөздүү. Уюлдук түндүн узактыгы - арктикалык деңиздердин четинде (680 түндүк кеңдиктерде) 10-декабрдан 3-январга чейин, 820 түндүк кеңдикте 17-октябрдан 26-февралга чейин созулат. Түндүк уюлга 178,5 сутка Күн чыкпайт. Ушундай эле кубулуш Түштүк жарым шарда да болот.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2