Фажр сүрөсү

Википедия дан
  • 89-сүрө

Фажр сүрөсү (1) Таң[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Меккеде түшүрүлгөн. 30 аяттан турат
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Таңга ант!
  • 2. Он түнгө ант!
  • 3. Жуп менен такка ант!
  • 4. Жана өтүп жаткан түнгө ант! (2)
  • 5. Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле?!
  • 6. Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү?!
  • 7. Түркүктүү Ирамды (3) (эмне кылганынчы?)
  • 8. Ага окшогону эч бир өлкөдө жаратылбаган эле. (4)
  • 9. Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолороду ойгон Самуд коомун ( Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү?)
  • 10. Кубаттуу аскерлердин ээси Фиранду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү?)
  • 11. Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен
  • 12. жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу.
  • 13. Раббиң алардын башында ар түрдүү азап тарды жаадырды.
  • 14. Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу.
  • 15. Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе "Раббим мени урматтады" дейт
  • 16. Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, "Раббим мени кордоду" дейт
  • 17. Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар!
  • 18. Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр!
  • 19. Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер!
  • 20. Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр!
  • 21. Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде
  • 22. жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде..,
  • 23. Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана!
  • 24. (Ошондо ал) "Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген бослом!" дейт (5)
  • 25. Ал күнү Аллах азаптагандай эч ким азаптай албайт.
  • 26. Аллах байлагандай эч ким байлай албайт! (6)
  • 27. О, тынч -бейпил жан
  • 28. (Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын.
  • 29. Менин (жакшы) пенделериме кошулгун
  • 30. жана Менин Бейишиме киргин!