Фазалык анализ
Көрүнүш
("Фазалык анализ –" барагынан багытталды)
Фазалык анализ – анализденүүчү зат курамындагы ар бир фазалык компонентти аныктоо методу. Мында изилденүүчү зат кандай мол. түрдө болору аныкталат. Ф.а. химиялык, физ.-хим. жана физ. метод менен жүргүзүлөт. Тоотектери курамындагы фазалык компонентти химиялык метод менен бири-биринен бөлүп анализдөөдө селективдүү эриткичтер колдонулат. Алар кээ бир фазалык компонентти 90-100 % чейин эритсе, калгандары 5-10 % эле эрийт. Куймалар анализинде компонентти аноддук эритуу менен бири-биринен бөлүп аныктайт. Фазалык бөлүп анализдөөдө алардын тыгыздыгына жана магниттик касиеттерине негизделген методу колдонот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6