Мазмунга өтүү

Фазалык көлөм

Википедия — ачык энциклопедия

Фазалык көлөм – фаза мейкин-дигиндеги көлөм.

N эркин даража санына ээ болгон механикалык система үчүн элементардык Ф.к. dpdq=dp1 dq1,…,dpNdqN, мында q1, …, qN – жалпыланган координаталар; р1, …, рN – жалпыланган импульстар. Чектүү фазалык аймактын Фазалык көлөмү 2N өлчөмдүү интегралга барабар: ∫Gdpdq. Эгерде система Гамильтон теңдемелери менен жазылса, анда бөлүкчөлөрдүн кыймылында Фазалык көлөмдүн формасы өзгөргөнү менен чоңдугу өзгөрүүсүз калат (Лиувилл теоремасы). Бул фазалык мейкиндикте, нормировкаланган бөлүштүрүү функциясын киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]