Фактор

Википедия дан

Фактор (лат. factor - жасоочу, өндүрүүчү) - кандайдыр бир процесстеги (кубулуштагы) кыймылдаткыч күч, себеп, олуттуу кырдаал, жагдайын же белгилүү бир белгилерин аныктап бышыктай турган анын зарыл шарттарынын бири.

Статистикада Фактор - бул натыйжа менен белгилүү бир логикалык байланыштагы болгон себеп. Мис., экономикалык статистикада техникалык прогресс эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүнүн өтө маанилүү Фактору катарында каралат. Фактор башка көрсөткүчтөр (фактордук белги, чондук) менен сандык жактан белгилүү бир оз ара байланыштагы сандык көрсөткүч да болушу ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8