Фалев Павел

Википедия дан

Фалев Павел (1888–1922, Санкт-Петербург) – советтик алгачкы түркологдордун бири. 1908–12-ж. Санкт-Петербург университетинин Чыгыш тилдери факультетинин араб, перс, түрк, татар бөлүмдөрүндө окуган. Ошол эле факультетте профессордукка даярдоо үчүн калтырылган. 1915-ж-дан баштап, түрк тили боюнча лекция окуган, орус географиялык коомунун Чыгыш бөлүмүнүн ишине да активдүү катыша алган. 1919-ж. профессордук наамга ээ болуп, 1920-ж. кыргыз (казак) тилинен сабак берүү үчүн Түрк тилдеринин борбордук институтуна чакырылган. Орус географиялык коомунун Түркстан бөлүмүнүн анык мүчөсү болуп шайланган. 1922-ж.

Түркстан АССРинин Совнаркомунун чакыруусу боюнча келип, өмүрүн Орто Азия жана Казакстан элдеринин тилин, фольклорун, этнографиясын, маданиятын изилдөөгө арноону чечкен. “Манас” эпосун изилдөөнүн Октябрь революциясынан кийинки этабын баштаган илимпоз. Негизги эмгектери түрк элдеринин тилин, фольклорун, адабиятын изилдөөгө жана пропагандалоого арнаган. “Как строится кара кыргызская былина” (1922), “О кара киргизском эпосе” деген эмгектери түздөн-түз “Манас” эпосунун маселелерин талдоого арналат. Анын “Введение в изучение тюркских литератур и наречий” аттуу 1921-ж. Түркстан Чыгыш институтунда окуган лекциясында да кыргыз оозеки чыгармаларына атайын орун берилген. Анда кыргыз эпосунун айрым образдары дүйнөлүк эпикалык мурастардын образдары менен салыштырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]