Фарадей эффектиси
Фарадей эффектиси – магнит-оптикасынын эффектилеринин бири.
Турактуу магнит талаасында жайланышкан затта, магнит талаасын бойлото таралган сызыктуу поляризацияланган жарыктын поляризация тегиздигинин айлануусу. Бул эффект 1845-ж. М.Фарадей тарабынан ачылган жана ал оптикалык жана электр-магниттик кубу-луштардын түздөн-түз байланышта экендигинин биринчи далили болгон.
Ушинтип, жалпы учурда магниттелген затты жалаң эле сынуу көрсөткүч менен мүнөздөөгө болбой тургандыгы Фарадей эффектисинен айкын болду.
Фарадей эффектисинен магнит талаасынын чыңалыш векторунун мүнөздүү өзгөчөлүккө ээ экендиги ачык билинди. Табигый оптикалык активдүүлүктөн айырмаланып, Фарадей эффектиси, поляризация тегиздигинин бурулуу бурчунун белгиси, жарыктын талааны бойлото же ага каршы таралышына көзкаранды эмес. Ошондуктан магнит талаасына жайланышкан чөйрө аркылуу жарык бир нече жолу өткөндө, поляризация тегиздигинин бурулуу бурчу ошончо эсе көбөйөт. Фарадей эффектисинин бул өзгөчөлүгү, өз ара эмес деп аталган оптикалык жана радио микротолкундук түзүлүштөрдү конструкциялоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0