Фарер аралдары
| |||
| Өлкө | |||
|---|---|---|---|
| Административдик борбор | |||
| Падыша | |||
| Жогорку комиссар |
Лене Мойелль Йохансен | ||
| Премьер-министр |
Аксель Вильхельмссон Йоханнесен | ||
| Расмий тили | |||
| Аянты |
1393 км² (183- орунда) | ||
| Тууралыгы | |||
| Узундук | |||
| Убакыт аралыгы | |||
| Телефон коду |
+298 | ||
| Интернет-домени | |||
Фарер аралдары[1], Фарерлер[2] (фар. Føroyar, дан. Færøerne, норв. Færøyene, Færeyjar же «Кой аралдары») — Түндүк Атлантика океанында, Шотландия менен Исландиянын ортосунда жайгашкан аралдар тобу жана өз алдынча башкарылуучу автономдуу аймак.
Борбору — Торсхавн. Аралдардын негизги калкы — фарерлер жана алар фарер тилинде сүйлөшөт, кошумча тил катары дания тили да кеңири колдонулат.
Бул аймак жана аралдар Дания падышачылыгынын курамына кирет, бирок 1948-жылдан бери айрым тышкы жана ички мамлекеттик маселелерди өз алдынча чечет. Өкмөтүндө алты министр бар (соода жана өнөр жай, каржы, балык чарбасы, маданият жана билим берүү, социалдык жана медициналык кызматтар жана ички иштер боюнча). Ошондой эле бул аймак өз алдынча соода келишимдерин түзүү укугуна ээ. Дания өкмөтү болсо аралдардын тышкы саясатына, коргонуу жана конституциялык маселелерине жооптуу.
Этимологиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдардын аталышы кельт тилиндеги fearann («жер») деген сөздөн келип чыккан.
XV кылымдан тартып аралдар Даниянын көзөмөлүндө болуп, алардын аталышы Fareyjar же дания тилинен «кой аралдары» деген маанидеги аталыш менен кайрадан атап коюшкан.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байыркы тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимпоздордун пикири боюнча, аралдарда үй жаныбарларынын, демек, адамдардын отурукташканын издери биздин заманга чейинки 500-жылдарга туура келет[3]. Ошондой эле айрым талаштуу маалыматтарга ылайык, биздин заманга чейинки VII кылымдын аягында — VIII кылымдын башында аралдарга ирландиялык кечилдер келишкен болушу мүмкүн деген божомолдор да бар[4].
700–800-жылдардын аралыгында аралга шотландиялыктар көчүп келип отурукташкан[5], бирок IX кылымдын башында викингдердин жортуулдары Фарер аралдарынан аймактарына жеткен кезде бул аралдардан чыгып кетишкен.
IX кылымдан тартып Фарер аралдары Скандинавия менен викингдердин Исландиядагы, Гренландиядагы жана Түндүк Америкадагы колонияларынын ортосундагы транспорттук байланыш тутумундагы маанилүү түзүм болуп калган.
Дания жана Норвегиянын бийлиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Фарер аралдары XIV кылымдын аягына чейин Норвегиянын курамында болгон. Кийин аралдар Норвегия менен Даниянын биргелешкен көзөмөлү алдында калган, ал эми 1814-жылдан тартып Дания аралдардын жападан-жалгыз ээси болуп калган. Аралдардын тургундары скандинавия тектүү жана фарер тилинде сүйлөшөт[6]. Өз учурунда фарер тили байыркы норвег тилинин бир бутагы болуп саналат.
Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы тарыхы жана Британиянын оккупациясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түндүк Атлантикадагы Фарер аралдарынын стратегиялык жайгашуусу Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчиллди 1940-жылдын 11-апрелинде Торсхавн портунда крейсерди жайгаштыруу чечимин кабыл алууга түрткөн. 1940-жылдын апрелинде, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында жана Германиянын Данияга кол салышынан кийин, аралдар Улуу Британиянын аскерлеринин башкаруусуна өткөн. Лёгтингге мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктары берилген. Фарер аралдарынын желеги расмий түрдө таанылган. 1943-жылы Фарер аралдарынан Даниянын Фолькетингине депутат шайланган, бирок ал өз милдеттерине 1945-жылы гана кирише алган. Фарер аралдарын Британия тарабынан оккупациялоосу 1945-жылдын сентябрында аяктаган. Оккупацияга 8000ден ашуун британ аскери катышкан.
Согуштан кийинки тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1946-жылдын сентябрында өткөн плебисциттин жана добуш берүүнүн жыйынтыгында Фарер аралдарынын парламенти аралдардын Дания курамынан чыгарын жарыялаган[7]. Бул чечим парламентте 12 «макул» добушу жана 11 «каршы» добушу менен ратификацияланган. Бирок Дания өкмөтү плебисциттин жыйынтыктарын жараксыз деп таап, убактылуу Фарер парламентинин ишин токтоткон. Кайра шайлоонун жыйынтыгында Дания курамында калууну жактаган партиялар аз гана айырма менен үстөмдүк кылып, парламенттик делегация Копенгагенге мындан аркы сүйлөшүүлөр үчүн чакырылган.
1948-жылдын 1-апрелинде бир келишимге жетишип, ага ылайык Фарер аралдарына чектелген эгемендүүлүк берилген. Ошол эле жылы кабыл алынган № 137 «Өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамга» ылайык, «Фарер аралдарында Дания мамлекетинин курамындагы өзүн-өзү башкара турган коомчулук жайгашат» деп белгиленген[8]. Аралдардын тышкы саясаты Дания өкмөтүнүн карамагында калган. Фарер автономиясына өзүнүн башкаруу органдарын түзүү укугу берилген. Анын өкүлчүлүк органы — Лёгтинг[9]. Аралдардан эки өкүл дайыма Даниянын парламентинде иштейт.
1984-жылдан тартып Фарер аралдары өзүн өзөктүк куралдан эркин аймак деп жарыялаган, бирок аралдарда Даниянын аскер-деңиз базасы жана НАТОго таандык радиолокациялык комплекс жайгашкан.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аралдардын борбору жана башкы порту — Торсхавн шаары (калкы 2017-жылы болжол менен 20 885 адам болгон[10]), ал Стреймой аралынын түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Фарер аралдарындагы экинчи ири калктуу шаары — Клаксвуйк (4773 адам).
Фарер архипелагы 18 аралдан турат, алардын 17си жашоого ылайыктуу. Негизги аралдары: Стреймой, Эстурой, Судурой, Воар, Сандой жана Бордой. Эң чоң арал — Стреймой (373,5 км²). Бардык аралдардын жалпы аянты — 1395,74 км².
Аралдардын Исландияга чейинки аралыгы — 450 км, Норвегияга чейин — 675 км, ал эми Копенгагенге чейин — 1117 км. Экономикалык деңиз аймагы Фарер аралдарынын жээгинен 200 деңиз милясына чейин созулат.
Аралдардын эң бийик жери — Эстурой аралындагы Слаттаратиндур чокусу, деңиз деңгээлинен 882 метр бийиктикте жайгашкан. Фарер аралдары көптөгөн фьорддор менен тилмеленген жана жээктери өтө татаал рельефдүү. Көпчүлүк аралдарда туруктуу согуп турган катуу шамалдардан улам токой жок, бирок адамдар тарабынан оторгузулган ийне жалбырактуу дарактар кездешет.
Фарер аралдарына кирген аралдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Фарер аралдары 18 чоң аралдан жана көптөгөн майда аралчалар менен аскалардан турат:
- Бордой (Borðoy) — Түндүк аралдарынын ичиндеги аянты жагынан эң чоңу. Аянты — 95 км². Калкы — 5548 адам. Аралда Фарер аралдарындагы экинчи чоң шаар — Клаксвуйк (калкы 5000 чамалуу) жайгашкан. Мындан тышкары жети конуш бар: Норойри, Анир, Отнафьордур, Мули, Нортофтир, Депил жана Нордепил. Бордой Эстурой аралы менен 6,2 км узундуктагы тоннель аркылуу байланышкан.
- Вийой (Viðoy) — Түндүк топтогу ири аралдардын бири. Аянты — 41 км², калкы — 599 адам.
- Воар (Vágar) — аянты 176 км², калкы 3397 адам. Бул жерде Фарерлердин эл аралык аэропорту жайгашкан. Воар менен борбору жайгашкан Стреймой аралы 5 км узундуктагы суу алдындагы тоннель аркылуу туташкан.
- Кальсой (Kalsoy) — Түндүк аралдар тобуна кирет, аянты 30,9 км², калкы — 90 адам.
- Кольтур (Koltur) — аянты 2,3 км². 2024-жылга карата тургуну жок (мурун бир тургуну болгон).
- Куной (Kunoy) — Түндүк аралдар тобуна кирет, аянты 35,5 км², калкы — 156 адам.
- Луйтла-Дуймун (Lítla Dímun) — 18 негизги аралдын ичинен жалгыз жашоочусу жок арал. Аянты 1 км² чамасында.
- Мичинес (Mykines) — аянты 10,3 км², калкы — 13 адам.
- Нёльсой (Nólsoy) — аянты 10,3 км², калкы — 220 адам.
- Сандой (Sandoy) — ири аралдардын бири. Аянты 112,1 км², калкы — 1256 адам.
- Свуйной (Svínoy) — Түндүк аралдар тобуна кирет. Аянты 27,1 км², калкы — 31 адам.
- Скувой (Skúvoy) — аянты 10 км², калкы — 26 адам.
- Стоура-Дуймун (Stóra Dímun) — аянты 2,5 км², калкы — 5 адам.
- Стреймой (Streymoy) — архипелагдын эң калктуу аралы. Аянты 373,5 км², калкы — 25 870 адам (Фарерлердин дээрлик жарымы). Бул жерде борбору Торсхавн жана Вестманна конушу жайгашкан.
- Сувурой (Suðuroy) — аянты 163,7 км², калкы — 4567 адам.
- Фуглой (Fugloy) — Түндүк аралдар тобуна кирет. Аянты 11,2 км², калкы — 42 адам.
- Хестур (Hestur) — аянты 6,1 км², калкы — 15 адам.
- Эстурой (Eysturoy) — архипелагдын экинчи ири аралы. Аянты 286,3 км², калкы — 12 511 адам. Негизги конуштары — түндүктөгү Фуглафьордур шаары жана түштүктөгү Рунавик менен Нес коммуналары. Эстурой Стреймой менен автоунаа көпүрөсү аркылуу байланышкан.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Словарь географических названий зарубежных стран / ЦНИИ геодезии, аэросъемки и картографии им. Ф. Н. Красовского; [сост. Л. И. Аненберг и др.]. — 3-е изд., перераб. и доп. — Москва: Недра, 1986. — 459 с.
- ↑ Инструкция по передаче на картах географических названий Фарерских островов / Глав. упр. геодезии и картографии при Совете Министров СССР. — Москва : [б. и.], 1967. — 27 с.
- ↑ N+1. Овцы заселили Фарерские острова раньше викингов
- ↑ RT. Ирландские отшельники колонизировали Фарерские острова задолго до викингов
- ↑ Р. Рамсей «Открытия, которых никогда не было». Текшерилген күнү 2 -сентябрь (аяк оона) 2025. Түп булактан архивделген күнү 18 -февраль (бирдин айы) 2009.
- ↑ Пиотровский Дмитрий Дмитриевич. Формульная техника фарерских баллад
- ↑ Шлепаков А. Н. Национальные меньшинства и иммигранты в современном капиталистическом мире
- ↑ Регнум. Фареры: мир с сепаратистами
- ↑ Løgtingið
- ↑ Faroe Islands in figures 2017
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Европа өлкөлөрү | ||
|---|---|---|
| Эгемендүү мамлекеттер | Австрия · Азербайжан¹ · Албания · Андорра · Беларусь · Бельгия · Болгария · Босния жана Герцеговина · Ватикан · Германия · Грекия · Грузия¹ · Дания · Ирландия · Исландия · Испания · Италия · Казакстан² · Латвия · Литва · Лихтенштейн · Люксембург · Мажарстан · Мальта · Молдавия · Монако · Черногория · Нидерланд · Норвегия · Орусия² · Польша · Португалия · Румыния · Сан-Марино · Сербия · Словакия · Словения · Түндүк Македония · Түркия² · Украина · Улуу Британия · Финляндия · Франция · Хорватия · Чехия · Швейцария · Швеция · Эстония | |
| Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Косово · Приднестровье | |
| Көз каранды аймактар | Аланд аралдары · Гернси · Гибралтар · Жерси · Мэн аралы · Фарер аралдары · Шпицберген · Ян-Майен | |
| ¹ Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, негизинен же толугу менен Азияда. ² Негизинен Азияда. | ||