Фатеев, Сергей Валентинович

Википедия дан

Фатеев, Сергей Валентинович (1963, Бишкек ш. 2003) – психология илиминин доктору (1998), и. о. профессор (1999). Новосибирск мамлекеттик пединститутунун физика-математика факультетин (1985) бүтүргөн.

Фатеев мектепте мугалим, институтта ага окутуучу, унниверситете кафедра башчысы ж. б. жооптуу кызматтарда иштеген. Фатеев элестин психологиялык табияты жана анын иш-аракетинин жыйынтыгын камсыз кылуудагы ролун изилдеп, максатка карай багытталып уюштурулган элес, окуу иш-аракеттин субъектисинин энергия сарптоосун үнөмдөй тургандыгын экспериментте далилдеген. Ошондой эле активдүү, пассивдүү элестин адамдын иш-аракеттеги мотивдерди, мотивацияларды аңдоосундагы ролун аныктаган.

Фатеевтин изилдөөсүнүн практикалык мааниси – окууда жана чыгармачылык иш-аракеттерде алардын жыйынтыгын туура баалай билүүгө жол тапкандыгында. Фатеев 60тан ашык илимий эмгек жазган. Алардын ичинде 3 монография, 1 окуу куралы бар. Фатеевтин жетекчилиги менен 3 кандидаттык диссертация корголгон.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004