Мазмунга өтүү

Фаулз Джон Роберт

Википедия — ачык энциклопедия

Фаулз Джон Роберт (31. 3. 1926, Лей-он-Си, Улуу Британия - 5. 11. 2005, Лайм-Реджис, Улуу Британия) - англиялык жазуучу, романист, эссеист.

Адабияттагы постмодернизмдин белгилүү өкүлдөрүнүн бири. 13 жашынан 18ге чыкканга чейин Бедфорддогу мектепте окуган. 1950-ж. Оксфорд университетин бүткөн. Франдиянын Пуатьедеги университетинде, Гредиянын Спетсаи аралындагы коллежде, 1954-63-ж. Лондондун ыйык Годрик коллежинде иштеген. 1952-60-ж. бир нече роман жазган. 1963-ж. ага дароо эле атак-даңк алып келген психологиялык триллер жанрындагы «Коллекционер» романын жарыялаган. 1964-ж. философиялык ой-толгоолорго толгон «Аристос», 1965-ж. «Сыйкырчы» романдары жарык көргөн. «Француз лейтенантынын аялы» (1969), «Даниэль Мартин» (1977), «Мантисса» (1982), «Курт» (1985) ж. б. романдардын, «Kapa жыгачтан жасалган мунара» (1974) повестинин автору. «Момолой чычкандын ийиндери» (1998) аттуу адабият темасына арналган эссеистикасы да бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4