Февраль революциясы (1917)

Википедия дан

Февраль революциясы (1917) - Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясы, Февраль төңкөрүш ү - Петрограддагы окуялар жана Орусияда жеке бийликтин кулашы, башкаруунун республикалык формасынын орношу; революциянын социалисттик этабына өтүүгө шарт түзгөн экинчи орус революциясы.

Февраль революциясы 1917-ж. 18-февралда (3-мартта) Путилов заводунун жумушчуларынын иш таштоолорунан башталып, 2-(15) мартта Николай IIнин тактан баш тартуусу, Убактылуу өкмөттүн түзүлүшү менен аяктаган. Өнөр жайларды согуш тартибине келтирүү, ишканалардын жабылышы, массалык жумушсуздук, а. ч. өндүрүшүнүн начарлоосу, азык-түлүк кризиси жана кызыл кулактык, азык-түлүктүн жетишсиздиги жана кымбатчылык, элдин социалдык абалынын оордошу, баанын өсүшү жана инфляция, согуштагы жеңилүүлөр, ички карама-каршылыктардын курчушу, саясий кризис, согушка жана өкмөткө каршы социалисттик партиялардын агитациялары ж. б. большевиктер башында турган жумушчулар, солдаттар жана дыйкандар массасын революцияга көтөргөн. 26-февралда Петрограддагы жумушчулардын нааразылык чыгуулары жалпы саясий стачкага айланган (Февраль революциясы башталган). Бийликтегилер демонстранттарга каршы курал колдонуп, аларды түрмөлөргө камаган. 27-февралда саясий стачка куралдуу көтөрүлүшкө чейин өскөн. Жумушчуларга Павлов, Преображенский жана Волын полкторунун солдаттары кошулуп, көтөрүлүшкө чыккандар Петроградды дээрлик ээлеп алган. Өкмөттүк маанилүү мекемелер элдин колуна өткөн. Түрмөлөрдөн саясий камактагылар бошотулган. Элдик бийликтин органы катары Жумушчу жана солдат депутаттар совети түзүлгөн. 28-февралда Мамлекеттик думанын Убактылуу комитетинин мүчөлөрү Убактылуу өкмөттү уюштурууну жарыялап, революцияны басып, жеке бийликти сактап калууга умтулган. 2-мартта Николай II тактан баш тарткан. 1917-ж. 3-мартта Убактылуу өкмөт түзүлүп, өлкөдө кош бийлик орногон. Убактылуу өкмөт империалисттик саясатка, элге каршы иш жүргүзгөн. Февраль революциясы пролетариаттын бийлигин орнотуучу социалисттик революциянын жеңиши үчүн зарыл болгон коомдук-саясий өбөлгөлөрдү түзгөн. Февраль революциясы тарыхта биринчи жолу империализм доорундагы женишке жеткен элдик революция катары тарыхка кирген. Жеке бийликти кулатып, демократиялык республиканы орнотту. Өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда демократиялык эркиндиктерди, жарандардын тең укуктуулугун ж. б. алып келди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4