Павел Федотов

Википедия дан
Федотов, Павел Андреевич‎»‎ барагынан багытталды)

Федотов, Павел Андреевич (1815, Москва – 1852, Петербург) – орус живописчиси, график, орус сүрөт искусствосундагы сынчыл реализмдин баштоочусу. Москвадагы 1- кадет корпусунда окуп, Петербургда Финляндия полкунда кызмат кылган. А. И. Зауервейддин баталдык өнөрканасында машыгып, К. П. Брюлловдон кеңеш уккан. Адегенде карикатура, портрет жана башка жанрларда иштесе, чыгармачылыгы гүлдөгөн маалда май боёктор менен “Жаңы кавалер” (1846), “Майордун күйөлөп келиши” (1848) экөө тең Третьяков галереясы сыяктуу сүрөттөр сериясын, “Е. Г. Флуг” (1850-ж. чен), “Н. П. Жданович” (1849) өңдүү портреттерди, адамды сүйүүгө, терең психологизмге каныккан “Жесир аял” (1851–52) жана башка чыгармаларды жараткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]