Федченко чокусу

Википедия дан
Федченко, чокусу‎»‎ барагынан багытталды)

Федченко чокусу - Алай кырка тоосунда. Кичи Алай (Акбууранын сол куймасы) жана Кашка-Суу (Кызыл-Суунун оң куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 5069 м. Ортонку карбондун кумдук, алевролит, акиташтуу конгломерат, сланец тектеринен туруп, тик зоокалуу. Чокуну айланта мөңгү каптап жатат. Орто Азияны изилдөөчу А. П. Федченконун ысымынан аталган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2