Фенология

Википедия дан

Фенология (гр. phainomena - кубулуш жана ...логия) - өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн жыл мезгилине жараша убактылуу өсүп-өнүгүшү жөнүндөгү илим.

Фенология негизинөн экиге бөлүнөт. Жалпы Фенология табигый шарттын өсүп-өнүгүшүн толук изилдейт. Мисалы, алманын кайсы мезгилде гүлдөөрү, келгин куштардын келүү маалы ж. б.

Айрым Фенология организмдердин табигый шартын, өзгөрүшүнө жараша убактылуу кубулушун талдайт. Мисалы, өсүмдүк фенологиясы – фитофенология, жаныбарлардыкы - зоофенология, чымын чиркей, курт-кумурсканыкы - энтомофенология дел аталат, ошондой эле илимдин түрү боюнча аталышы да ыктымал. Мисалы, айыл чарба, мед., вет. фенологиясы.

Айыл чарба Фенологиясы кеңири өнүккөн. Ал негизинен эгилме жана жапайы өсүмдүктөрдүн, ошондой эле чымын-чиркей, курт-кумурсканын айыл чарба өсүмдүктөрүнө тийгизген зыянын көзөмөлдөйт. Фенология маалыматтары медицинада, айрыкча чымын-чиркей, кумурска жана кенелер аркылуу таралуучу ооруларга каршы чара көрүүдө кеңири колдонулат. Фенологиялык изилдөөлөрдүн негизинде табият календары, Фенологиялык карталар түзүлөт. Алар жыл мезгилине жараша илимий жана өндүрүш иштерин уюштурууда зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.