Баргана тоо кыркасы

Wikipedia дан
(Фергана тоо кыркасы барагынан багытталды)
Баргана тоо кыркасы.

Баргана тоо кыркасы - Баргана өрөөнүн Алабуга, Тогуз-Торо жана башка Нарын тараптын майда өрөөндөрүнөн бөлүп турат. Структуралык түзүлүшү боюнча Ички Ала-Тоонун батыш чеги. Торугарт-Тоосу Алай тоо кыркаларына тутумдашкан жериндеги эң бийик Үч-Сейит тоо түйүнү 4940 м бийиктикке жетет. Түндүк-батышты карай барганда бийиктиги азайып, 3000 м ге чейин түшүп, Кара-Үңкүрдүн төрүндө кайра 3500-4000 м ге чейин көтөрүлөт. Батыш айрыгы Бабаш-Ата тоосунда бийиктиги 4427 м ге чейин жетет. Баргана тоо кыркасы эң маанилүү табигый чек. Ал Ортоңку Нарын жана Баргана өрөөндөрүн бөлуп турган жалаң эле орографиялык эмес, климаттык, гидрологиялык жана ландшафттык чек ара. Баргана тоо кыркасынын түндүк-чыгыш капталы кыска жана кескин төмөндөйт, түштүк-батыш капталы болсо жазы жана акырындап барып, Баргана өрөөнүнүн түздүгүнө өтөт.

Батышында Баргана кырка тоосу, анын түндүк-батыш уландысы Ат-Ойнок кырка тоосу, Талас Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгү, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгү, Тескей Ала-Тоо, Ак-Шыйрак тоо түйүнү андан Сары-Жаз суусунун алабын бөлгөн суу бөлгүч аркылуу Какшаал-Тоого чейин барып, анын кыры менен кайра Баргана тоо кыркасына келген туюк контурдун ичиндеги аймак географиялык адабиятта Ички Ала-Тоо деп аталат. Ички Ала-Тоонун батыш чеги Кетмен-Төбө ойдуңун Кара-Суунун алабынан бөлүп турган Ат-Ойңок кырка тоосу Чаткал кырка тоосу менен Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнө барып такалат. Ушул үч кырка тоолордун тутумдашкан жеринен батыш-түндүк-батышты карай созулуп жаткан Талас Ала-Тоосу Батыш Ала-Тоо деп аталган физико-географиялык аймактын орографиялык огу болуп эсептелет. Ал кырка тоонун түштүк капталынан түштүк-батышты карай Чаткал кырка тоосунан башка ага жарыш Чандалаш, Пскем, Угам жана Каржан-Тоо кыркалары созулуп жатат. Алардын ичинен Чаткал тоолорунун басымдуу көпчүлүк бөлүгү, Чандалаш тоосу толугу менен, Пскем тоосунун түштүк-чыгыш капталы Кыргызстандын аймагында жайгашкан.