Ферма (механика)

Википедия дан

Ферма (механика) курулуш механикасында (фр. ferme, firmus - бекем) - геометриялык формасы өзгөрбөгөн өзөктүү система; расчет жасаганда анын бардык түйүндөрү шарнирдүү деп кабыл алынат.

Ферма негизинен курулушта (имараттарды жабууда, көпүрө салууда, суу тех. курулмаларда ж. б.), ошондой эле машина жана механизмдердин көтөрүп турма конструкциясы катары колдонулат. Ал даярдалуучу материалдын түрү боюнча металл, темир-бетон, жыгач жана айкалышкан Ферма болуп айырмаланат. Ферманын тиби имараттын же курулманын арналышына, жабуунун түрүнө ж. б. жараша аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4