Мазмунга өтүү

Ферримагнетизм

Википедия — ачык энциклопедия

Ферримагнетизм – катуу заттын магниттик абалынын жалпы учуру.

Мындай заттын курамындагы магниттик моменттүү иондор бир нече элементардык магниттик торчону түзөт. Ар бир элементардык торчодо магниттик моменттери бирдей багытталган иондор жайгашат. Ар түрдүү элементардык торчонун иондорунун магниттик моменттери бири бирине каршы багытталган, же жалпы учурда татаал мейкиндиктик конфигурацияны түзөт. Ферримагнетизм катуу заттын магниттик ирээттелген абалынын эң жалпы учуру катары каралат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]